Чернобыль кырсыгынан жабыркагандардын урматына эскерүү митинги өтөт
26-апрелде Бишкектеги Ю.Фучик атындагы сейил бакта Чернобыль кырсыгынын 27 жылдыгына карата эскерүү митинги өтөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Иш-чарага мэр Иса Өмүркулов, Коргоо министри Таалайбек Өмүралиев, Орусия, Украина, Беларусь өлкөлөрүнүн Кыргызстандагы элчиликтеринин өкүлдөрү жана мектептердин жогорку класстарынын окуучулары катышат. Айта кетсек, учурда Бишкек шаарында аталган кырсыктын 308 катышуучусу жашайт, алардын ичинен 228инин ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:27
2025-11-06
21:13
2025-11-05
19:43
2025-11-05
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















