super.kg logo
  Саясат  

Акыйкатчы: "Аскерде кызмат өтөгөндөр форманы өз чөнтөгүнөн сатып алып жатышат"

 

Армияда кызмат өтөп жаткан аскерлер кийип жүргөн формасын өздөрү акчага сатып алып жатканын акыйкатчы Турсунбек Акун айтат. Мындай маалымат анын 2012-жылга карата отчётунда жазылган. 

 

“Аскер кызматын өтөгөнү барган аскерлер үчүн мамлекет тарабынан форма берилет. Бирок кийимдердин сапаты начар болгондуктан, 5-6 айда эле форма жараксыз абалга келип калат. Натыйжада айрым аскерлер өтүгүн жана сырткы кийимин өз чөнтөгүнөн алып жаткандыгы белгилүү. Коргоо министрлиги тарабынан аскерлерге жана кызматкерлерге жылына бир ирет форма берилсе, Аскер куралдуу күчтөрүнүн институтундагы курсанттар 5 жылдык окуу мөөнөтүнө бир гана бушлат алышат. Натыйжада курсанттар дагы өз чөнтөгүнөн сапаттуу америка формаларын алганга туура келет. Мындай кырдаалдар Коргоо министрлигинин жетишсиз каражатынан улам келип чыгып жатат. Мамлекет керектүү каражаттардын жана аскерлердин кийимдеринин 50 пайызын гана каржылай турган каражат бөлүп берет”,- дейт өз докладында акыйкатчы.

 

Эске салсак, мындай көйгөй чек ара кызматында да чоң маселе жаратып келет. Каражаттын жетишсиздигинен сапатсыз кытайдын формаларын кийишкендиктен, алар бат эле керектен чыгып калып жатат. Мындай маселелерди чечүү үчүн Коргоо министрлиги униформа тигүүчү фабрика ачууну пландап жатканы белгилүү болду.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: