super.kg logo
  Спорт  

ЖЫЛНААМА, 30-ДЕКАБРЬ: Америкалык гольф чебери, планетадагы эң бай спортчу Тайгер Вудс 41 жашка толду

 

Бүгүн, 30-декабрда америкалык гольф чебери, планетадагы эң бай спортчу Тайгер Вудс 41 жашка толду. Ал 1975-жылы 30-декабрда АКШнын Калифорния штатындагы Сайпресс шаарында төрөлгөн. Толук аты-жөнү - Элдрик Тонт Вудс. Тайгер - анын каймана аты.

Т.Вудс карьерасында баш-аягы 70 мелдеште жеңүүчү аталган. Спортчу гольф боюнча 3 жолку АКШнын (2000, 2002, 2008) жана Улуу Британиянын (2000, 2005, 2006) Ачык чемпиондугунун чемпиону, "Мастерс" сериясындагы мелдештердин 4 жолку (1997, 2001, 2002, 2005) жеңүүчүсү, "Жылдын спортчусу" (2000, 2001) наамынын 2 жолку ээси. Ошондой эле PGA чемпиондугунун (Гольфчулардын профессионалдык ассоциациясынын чемпиондугу) 4 жолку (1999, 2000, 2006, 2007) жеңүүчүсү болгон.

"еВау" интернет-аукционунда Вудс менен 1 партия гольф ойноо 425 миң долларга бааланган. Ал эми 2013 жана 2015-жылдары "Форбс" басылмасынын маалыматы боюнча, Вудс планетанын эң бай спортчусу болуп саналган. 2015-жылга карата алынган маалымат боюнча, спортчу 10 жылдын ичинде 845 миллион доллар акча тапкан. Ал жакыр үй-бүлөлөрдөн чыккан балдардын гольф менен алектенүүсүнө шарт түзүп берүү максатында “Тайгер Вудс” фондун негиздеген. Атактуу спортчу бир нече спорт бренддеринин жарнамалык түрмөктөрүнө байма-бай тартылып, кирешесинин көп бөлүгүн ушул тармактан табат.

30-декабрга карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: