Бишкек шаардык кеңешинин төрагалыгына Канатбек Мүзүралиев шайланды
Бүгүн, 30-декабрда Бишкек шаардык кеңешинин жыйыны өтүүдө. Анын жүрүшүндө жашыруун добуш берүү аркылуу шаардык кеңештин төрагасы шайланды. Депутаттардын көбү "Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Канатбек Мүзүралиевдин талапкерлигин жактырышты.

Ошондой эле бүгүнкү жыйында кеңештин көпчүлүк коалициясы КСДП (13 мандат), "Кыргызстан" (5), "Республика-Ата Журт" (12) фракцияларынан куралды. "Мекеним Кыргызстан" (7) менен "Өнүгүү-Прогресс" (8) фракциялары оппозицияда калышты.
Мындан тышкары фракциялардын лидерлери белгилүү болду. Алар:
КСДП фракциясы - Алмаз Кененбаев;

"Республика-Ата Журт" - Асылбек Кадралиев;

"Өнүгүү-Прогресс" - Таалайбек Сариев;

"Мекеним Кыргызстан" - Улан Абдыкадыров;

"Кыргызстан" - Таалайбек Сагынов.

Айта кетсек, Бишкек шаардык кеңеши 45 депутаттан турат.
кошулду
-2
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















