super.kg logo

Рак оорусуна чалдыккан "Кыргызстан сулуусу-2013" Жибек Нукеева баласы менен көбүрөөк болуу үчүн элден жардам сурайт

 
Жибек Нукеева "Дүйнө сулуусу" сынагына катышкан учур
Жибек Нукеева
Жибек Нукеева
Жибек Нукееванын мурунку жана азыркы кези

Ушул жумада "Кыргызстан сулуусу-2013" сынагынын жеңүүчүсү, 21 жаштагы Жибек Нукеева социалдык тармактагы баракчасына рак оорусуна чалдыкканын жазып, жалпы калың кыргыз журтчулугунан жардам сурап, жаңы төрөлгөн баласы менен көп убакыт бирге болууну тилеп жатканын кошумчалаган:

"Жаңы жылдын өзүнчө сыйкырдуу күчү бар дешет. Балким, ушул Жаңы жыл менин да тилегимди ишке ашырат... Төрт ай мурда Иман аттуу уулдуу болгом. Тилекке каршы, кош бойлуу кезимде рак илдетине кабылганымды билдим. Ушул убакка чейинки дарылануулар жыйынтыгын берген жок. Азыр элдин жардамына муктаж болуп турган кезим. Бир гана тилегим бар - мүмкүн болушунча көбүрөөк убакыт уулумдун жанында болуу. Ушул максатым ишке ашат деп ишенем".

Кыска убакытта аны бөлүшкөндөр, жардам колун сунабыз дегендер да болуп, жадакалса чет элдик басылмалар да анын өтүнүчүн жазып чыгышкан.

Ал эми бүгүн, 30-декабрда Жибек Нукееванын эжеси Медина Нукеева жардам колун сунгандарга, элге ыраазычылыгын билдирип, сиңдисинин учурдагы абалы жана анын рак оорусуна кантип кабылганы тууралуу SUPER.KG`ге айтып берди.

- Сиңдим кош бойлуу кезинде бели ооруганынан ооруканага барса, дарыгерлер онкологиялык ооруканага жиберишти. Ал жактан анын сөөк рагына кабылганы аныкталып, дарыгерлер тез арада төрөтүү чечимин кабыл алышты. Операция жолу менен уул төрөп, атын Иман коюшту. Ошондон бери түрдүү химиялык дарылоо алды, тилекке каршы, оң жыйынтык берген жок. Түркияга да алып бардык, ал жактан да биздин дарыгерлер койгон диагнозду айтышты. Акыркы үмүтүбүз - Чехияда дарылоо. Ал жерде рак клеткаларын атом менен күйгүзөт экен. Ага 80 миң евро керек болуп жатат, андыктан элден жардам сурап кайрылдык.

- Жибек буга чейин ооруп жүрдү беле?

- Жок, абдан жакшы жүргөн, жадакалса сасык тумоо болуп да ооруган эмес. Ден соолугу абдан жакшы болчу. Кайдан мындай ооруга кабылганы түшүнүксүз. Дарыгерлер кош бойлуулук таасир этип, оору өрчүгөн деп айтып жатышат. Бирок алар да эмне себептен оору келип чыгарын так түшүндүрө алышкан жок.

- Кайын журту келининин оорусун кандай кабыл алды?

- Алар да колунан келген жардамын берип, азыр баласын карап жатышат.

- Жибек жакында эле социалдык тармактардагы баракчасы аркылуу элге кайрылуу жасады. Учурда элден кандай жардам болуп жатат?

- Элден айланса болот. Эл мынчалык көңүл бурат, кайгыбызды тең бөлүшөт деп ойлогон эмеспиз. Мекендештерге абдан ыраазыбыз. Кыска убакытта бүгүнкү күндө 250 миң сомдой чогулду. Акырындап топтолуп жатат.

- Жибектин абалы кандай?

- Химия алганда кыйналып жатты. Азыр абалы жакшы. Кыргыз жеринде чоң суммадагы акчаны табыш кыйын экен. Андыктан премьер-министрге кат жаздык, президентке да кайрылуу жиберсекпи деп турабыз.

Жардам берүүнү каалагандар ЭЛСОМ электрондук капчыгы аркылуу 0559 18-23-83 номерине, Казакстандагы QIWI төлөө терминалдары аркылуу +996 559 18-23-83 жана дүйнөнүн ар кайсы жагынан VISA QIWI WALLET аркылуу +996 559 18-23-83 номерине акча каражатын которо алышат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(14)
30.12.2016. 16:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+24
Аллахым шыпаа берсин.Айыгып кетиниз...Бирок жаны жылга эмес Аллахга ишенинз.
30.12.2016. 16:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
ооба Аллахга гана ишениниз
30.12.2016. 16:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Allax wypaasyn bersin! Azyr oorunun turu koboidu negedir. Ooru berse da wypaasyn kowo bersin
30.12.2016. 16:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Сакайып кетиниз буйруса баары жакшы болот
30.12.2016. 17:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Аллах шыпаа берсин. Жаны жылга эмес Аллахга гана ишениниз
30.12.2016. 17:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Дартын ушул жылда калып, келерки жылдан баштап кудай колдоп сакайып кет карындашым.
30.12.2016. 17:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Шыфаа тилейм Аллахдан сага.Уулундун.жакындарындын бешенесине бар бол.
30.12.2016. 17:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Аллахым ооругандында кошо шыпаасын берсин айлыгып кетиңиз эки дүйнө бактылуу болуңуз
30.12.2016. 18:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жараткан зат, оору берсе да шыпаасын кошо берсин. Көп түкүрсө көл болот демекчи колубуздан келген жардамыбызды аябайлы туугандар, бул өмүр бир келет бул кызда жашагысы келет туугандар.
30.12.2016. 19:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Жибек карындашым Жаны Жылдан эмес, бизди ж-а бут ааламды жараткан Аллахтан жардам суура.Кичине болсо дагын оной суроолорду жаттап ал.Ихлас суросун бир кундо 100 жолу окууп чык.Анан суулук конкурстардын эмне кереги бар тушунбойм адамдардын назары, коздору тийет.
31.12.2016. 19:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
KGstan1981,туура айтасын..
коз тийиптир коз тиет деген нерсе бар экен
30.12.2016. 19:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат Байматовдун аялы эмеспи
30.12.2016. 20:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
озунуздун айыгып кетишинизге ишениз ишенич да адамды айыгып кетуусуно жардам берет.кудайым сизге узуун омур берсин.кудай буюрса дагын кооп балалуу болун. ооомиин
30.12.2016. 20:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аллах шыпаасын берсин. аллах бар
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: