super.kg logo

СУПЕРСТАН: "Кыргыз" деген сөзгө байланыштуу көп уламыштар, гипотезалар бар"

 

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Кыргыз" деген терминди чечмелегенге салым кошкула" деген тема талкууга алынууда.

Темадагы билдирүүлөрдөн:

"Кыргыз" деген сөзгө байланыштуу көп уламыштар, гипотезалар бар. Мисалы, кыргыз - кырк кыз (башкача айтканда, кырк кыздан тараган), кыргыз - кырылгыс, түгөнгүс, кыргыз - кыр кез (аш, чурка) жана башка. Негизи, кыргыз эли Азия элдеринин ичинен эң байыркы эл болуп саналат. Тагыраак айтканда, 2200 жылдан ашык тарыхы бар эл. Бул жөнүндө Кытайдын тарых булактарында сакталып калган. 22 кылымды артка калтырган кыргыз элинин тарыхы да ошончо бай. Бир-эки эле сөз менен "кыргыз" деген сөздү чечмелеп коюуга болбойт".

"Кыргыз" деген "кырылгыс" ,"түгөнгүс" дегенди түшүндүрөт. 2200 жылдык тарыхыбыз бер жагы эле - кытай булактарында жазылгандан беркиси эле, андан мурункусу канча?.. Ошондон бери улутубуздун жоголбой келатканы "кырылгыс" экенибизди далилдейт".

"Орустар бир учурларда казактарды "кыргыз" деп жазышкан же жалпы эле түрк тектүү элдерге "татар" деген аталышты колдонуп келишкен. Кытайда болсо "таа-таа" дегендер да болгон. Радловдун бир изилдөөсүндө кыргыз сөзү "кырык кыз", башкача айтканда, "бир тарабы кыз" же "сынык кыз" деген ойду айткан. Жиниңер келиши мүмкүн, бирок чындык ушундай. Ушуга окшогон дагы бир уламышта, Моголдордун династиясын баяндаган "Луань-си тарыхы" аттуу чыгармада да бир кытай кыз менен үйлөнгөн эркектен чыккан уруунун аталышы катары белгилениптир. Башка бир чыгармада төрт эркекке мурас бөлүштүрүп жатканда, бирөөсүнө энчи жетпей калат экен. Анан ага "кыр кез", башкача айтканда, "кырларды, тоолорду кыдырып жүргөн" деген ат коюп коюшат экен".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(13)
01.01.2017. 20:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кечээ ойлонгон нерсемди бугун таптым
02.01.2017. 02:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
ХХХ соз да кыргыз деген кыргыз деген эле соз.Кырк кыз деп кайдагы бир кырк кыздан тарасак анда биз билбеген улуту башка кырк улуттун жээни болуп калбайбызбы.Тарыхты да ХХХ эмес акылы оз ордунда адам жазыш керек.Озубузду озубуз басынтып атабыз го коруноо эле кырк кыздан тарасак атабыз ким анда оруспу негрби монголбу уят да бул деген ХХХ.Кыргыз деген кыргыз болуп торолгон кыргыз болуп келатат кыргыз болуп олот.ХХХ тарыхчылар эле жаралса керек кырк кыздан
Модератор admin_portal түзөттү 2017-01-03 11:43:10
02.01.2017. 04:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
kubat_73, Кыргыз сенин айтуун боюнча Кудай болуп калды го, Кыргыз тээ илгертен болгон, анын атасы да апасы да болгон эмес, эч ким торогон эмес, озу болгон дегендей...

Ойду келди соктура бербестен аалымдар жазган версияга ишенуу керек же озундун научно обоснованный версиян керек...
02.01.2017. 16:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Revolyutsiya,Эсеби маселен сага эч ким кудай деген жок кыргыздын кыргыз болуп жаралганын айтып жатам илимий версия деп эле корунгонду урдура берсе ишене бересинби.Ашыкча акылман боло бергендин да чеги болот.Ишене турган версиянды сен айтып корчу анда
03.01.2017. 11:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
kubat_73, этика нормаларын сактаңыз!
02.01.2017. 03:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Кыргыз адамдын эле аты болгон кайдагы кырк кыз кыр пыр дебегилечи Бир балени билсенер жазсанар
02.01.2017. 04:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Azizbek.kg8, сен озун кат-сабатынды жой. Омуру бир тарых китепти барактап корбогонун айкын болуп турат анан тарых боюнча акыл уйротот имиш...
02.01.2017. 08:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Revolyutsiya,менимче Кыргыз тее илгертен эле бар болсо керек буга бир мисал ата бабаларыбыз мусулман болгонунан карасак. Кудай ар бир улутту жаратты ошо Кыргыз элин анан тил берди бирок баарына бирдей кун берди тун берди жашоо берди анан кой булар улут улут болуп кырылбасын деп Ислам динин берди. Кой ушу илимдуу билимдуу болсун деп акыл берди мее берди. Анан башка да бир вариантын издеп ойлонуп кереги деле жок менимче бул менин жеке ойум рахмат.
02.01.2017. 11:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Bolunbo.kyrgyz, Кыргыз деген термин кайдан келгени белгисиз болгондуктан ар турдуу версия бар. Кыргыз деген термин эмнени тушундурот аны да билбейбиз. А балким илгери башкача аталып кийин бул соз озгоруп отуруп Кыргыз болуп калгандыр... Ал эми кыргыздар мусулман болгонуна аз эле болду. Туштук кыргыздар бир топ эртерээк исламды кабыл алса, тундук кыргыздары исламды кабыл алып мусулман болгонуна эми аран 250-350 жыл болуп отурат...
02.01.2017. 12:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Revolyutsiya,мм тарыхчы эмесмин го ойумду айттым да
02.01.2017. 04:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бул нерселерди "супер кг" порталы озунун оюунан токуп жазып жаткан жок тарыхда ушундай нерселер жазылган. "Бугу эне" сактап калган дегенда вариянты бар беле же ал жомокбу
02.01.2017. 05:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Кыргыздар борудон таркаган, мисалы карышкыр кыргыз дегенди элестетет, карышкыр сыяктуу кырылгыс жаныбар
03.01.2017. 23:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кырылгыс дегени чын го ото байыркы элбиз ошондо эле олуялар ушундай ат койушса керек..
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: