super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 31-ДЕКАБРЬ: 20 жыл мурун Гватемалада 36 жылга созулган Жарандык согуш аяктаган

 

Рабиналдагы мүрзөМындан 20 жыл мурун, 1996-жылы 31-декабрда Гватемалада Жарандык согуш аяктаган. Ал 1960-жылы 13-ноябрда башталып, 36 жылга созулган. Айрым маалыматтарда бул согушта 150 миңден ашуун адам каза болгону айтылса, айрымдарында 200 миңден ашуун адам деп жазылган.

Өлкөдөгү туруксуз абалдын түзүлүшү 1954-жылы башталган. Анда АКШнын жардамы менен болгон мамлекеттик төңкөрүш Гватемаланын президенти Хакобо Арбенсти президенттиктен түшүргөн. 1960-жылы 13-ноябрда борбордук аскер бөлүктөрүндөгү офицерлер бийликке каршы чыгышкан. Алардын аракетин басууга үлгүрүшкөн. 1962-жылы алгачкы партизандык кыймылдарынын 2 очогу жаралган. Бул чатактан улам айрым жер ээлери кошумча жерлерди басып, индей элин кырышкан.

1996-жылы тараптар өз ара келишимдерди түзүшүп, Жарандык согуш аяктаган.

31-декабрдын жылнаамасы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: