Сүлүктүдөгү "Кызыл-Булак" шахтасында 53 жаштагы кызматкерди уранды басып калды
Баткен облусундагы Сүлүктү шаарында жоопкерчилиги чектелген коомунун "Кызыл-Булак" шахтасында адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы бүгүн, 31-декабрда билдирди.
"Бүгүн, 31-декабрда саат 06:50дө шахтанын урандысы Лейлек районунун Миң-Жыгач айылынын 1963-жылы туулган Ж.Б. аттуу тургунун басып калып, жыйынтыгында ал каза болгон. 7 куткаруучу окуя болгон жерге барып, урандынын астынан каза болгон адамдын сөөгүн чыгарышкан", - деп билдиришти ӨКМнын басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, каза болгон адамдын сөөгү "Тез жардам" кызматына өткөрүлгөн.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Айла жок иштеп журушот
Кебир шахталарда металда койушпайт
Комся текшербейт акчасын алат кетет