super.kg logo

Түркияда сабалган кыздын ишин аталган өлкөдөгү КРнын элчилиги жана Стамбулдагы консулдук көзөмөлдөөдө

 

Кыргыз Республикасынын Түркиядагы элчилигинин басма сөз кызматы SUPER.KG порталына Ак-Деңиз университетинин ооруканасына оор абалда түшкөн бейтап Кыргыз өлкөсүнүн жараны болушу мүмкүн деген божомолдуу маалыматты угар замат дароо оорукана менен байланышканын бүгүн, 31-декабрда билдирди.

Маалыматка ылайык, элчиликке оорукананын дарыгерлери 2016-жылдын 21-декабрында ооруканага эч кандай паспорттук маалыматы жок кыз оор абалда түшкөнүн, ал комада жандандыруу бөлүмүндө жатканын билдиришкен. Андан соң элчилик Анталиянын Жандармериясына кайрылган.

Жандармериянын кызматкери 21-декабрда 03:10до "Шелл" май куюу станциясынан алыс эмес жолдун жээгинде бир кыздын жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөнүн билдирген. Алгач жабыркаган кыз Анталиянын Коркутели районунун ооруканасына жеткирилип, абалы оор болгондуктан Ак-Деңиз университетинин ооруканасына которулганын, окуянын чоо-жайын аныктоо үчүн тергөө иштери башталганын маалымдаган.

"Жабыркаган кыздын аты-жөнүн тез аранын ичинде аныктоо максатында Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы Башкы консулдугунун кызматкерлери WhatsAap тиркемеси, ошондой эле Facebook социалдык тармагы аркылуу маалымат таркатышкан. Кыргыз өлкөсүнүн Түркиядагы элчилиги жана Стамбул шаарындагы Башкы консулдугу жабыркаган кыздын атасы жана эжеси менен байланышып турат", - деп билдирди басма сөз катчысы.

Учурда жабыркаган кыздын атасынын барары күтүлүүдө, жалпы жарандык паспорту даярдалгандан кийин Анталия шаарына учары белгилүү болду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
31.12.2016. 21:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Бул кызды ким сабаган же кыздын куноосу бардыр тушунбодум эчнерсеге
31.12.2016. 23:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Туркторго акча болсо эле болду адамды олтуруп деле коюшат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: