Өлкө боюнча пиротехниканын айынан 2 өрт кырсыгы катталды
Өткөн суткада табигый, техногендик мүнөздөрдөгү өзгөчө кырдаалдар катталган жок, өлкө боюнча 22 өрт кырсыгы катталса, экөө пиротехникалык каражаттан улам чыккан. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Элмира Шерипова бүгүн, 1-январда билдирди.
"Өрт кырсыктарын өчүрүүгө 26 бөлүм тартылган. Куткаруу кызматтары тарабынан 2 чыгуу болгон. Пиротехниканын айынан 2 өрт кырсыгы катталып, бири Бишкекте, бири Ошто болгон", - деди Шерипова.
Бишкектеги өрт кырсыгы Бөкөнбаев көчөсүндө болуп, анда гараждын ичиндеги таштанды өрттөнгөн. Ал эми Оштогу Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айылында үйдүн чатырындагы бир боо пахта өрттөнүп кеткен.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
KaiMak

01.01.2017. 16:38
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
пиротехниканы алыш озуле канча акча...Ал эми куйуп кеткенди бутош да акча...ысырапкорчулук
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.