super.kg logo

Жаңы жыл түнү "Ала-Тоо" аянтындагы мушташтан 3 жаран "Тез жардамга" кайрылган

 

Бишкек шаарында Жаңы жыл түнү "Тез жардам" кызматына 642 кайрылуу түшкөн. Бул тууралуу "Тез жардам" кызматынын башкы дарыгери Искендер Шаяхметов бүгүн, 1-январда билдирди.

Анын айтымында, 642 кайрылуунун 463үнө барышкан, 179уна консультация берилген, 112 адам ооруканага жаткырылган. 1 жол кырсыгы катталып, курч мүнөздөгү респиратордук вирусуна чалдыккан чоңдордон 24 кайрылуу түшсө, 18и жаткырылган, ал эми 59 кичинекей бала ушул эле оору менен кайрылып, 17си ооруканага жаткырылган. Ууланып 10 чоң киши кайрылса, 5 адам ооруканада, кичинекей балдардын уулануусу боюнча 7 факт катталып, үчөө ооруканага жаткырылды. "Ала-Тоо" аянтындагы мушташтан үчөө жаракат алып кайрылган.

Бишкек шаары боюнча майрам учурунда 38 медициналык топ иштеп, 40 "Тез жардам" унаасы нөөмөттө болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
02.01.2017. 04:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Сан мн жазса деле айырмасы жок. Сан атоочтор тамга мн дагы, сан мн дагы жазыла берет.
03.01.2017. 12:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
abusait, порталдын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер gazeta@super.kg же portal@super.kgэлектрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: