Түркияда кыргыз кызынын сабалышына шектелгендердин бири кармалды
Түркияда кыргыз кызынын сабалышына шектелгендердин бири кармалды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, кылмышка шектелгендердин дагы экөөнүн өздүгү такталып, алар издөөгө алынышты. Ал эми жабырлануучу Н.М. "Ак-Деңиз" ооруканасында дарыгерлердин көзөмөлүндө. Учурда кыздын абалы бир аз жакшырып, көзүн ачты.
Айта кетсек, Түркиядагы элчиликке 2016-жылдын 21-декабрында ооруканага эч кандай паспорттук маалыматы жок кыз оор абалда түшкөндүгүн, ал комада жандандыруу бөлүмүндө жаткандыгын билдиришкен. Андан соң элчилик Анталиянын Жандармериясына кайрылган.
Жандармериянын кызматкери 21-декабрда 03:10до "Шелл" май куюу станциясынан алыс эмес жолдун жээгинде бир кыздын жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөндүгүн билдирген. Алгач жабыркаган кыз Анталиянын Коркутели районунун ооруканасына жеткирилип, абалы оор болгондуктан, "Ак-Деңиз" университетинин ооруканасына которулгандыгын, окуянын чоо-жайын аныктоо үчүн тергөө иштери башталгандыгын маалымдаган.
Учурда жабыркаган кыздын атасынын барары күтүлүүдө, жалпы жарандык паспорту даярдалгандан кийин Анталия шаарына учары белгилүү болду.













1 |