Стамбулдагы түнкү клубга жасалган чабуулдан улам каза болгондордун арасында кыргыз жарандары жок

Стамбулдагы түнкү клубга жасалган чабуулдан улам каза болуп жана жабыркагандардын арасында кыргыз жарандары жок. Бул тууралуу бүгүн, 2-январда Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Айта кетсек, 31-декабрдан 1-январга караган түнү Стамбулдагы "Рейна" түнкү клубуна курал менен кол салуу болгон. Ошол учурда клубда 500дөн ашык адам болгон. Анда 39 адам каза болуп, 70ке жакын адам ар кандай жаракат алган. Каза болгондордун 24ү чет элдик жарандар экени белгилүү болду. Алардын арасында Орусиянын, Бельгиянын, Франциянын, Индиянын, Ирактын, Сауд Арабиянын жарандары да бар.
Кол салган адам алгач кире бериштеги полицияны, андан соң клубдун ичиндеги адамдарды аткылаган. Андан соң ал качып кеткен.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:05
2025-07-05

9:20
2025-07-05
Рейтинг:
2

Комментарийлер(1)
prenses

02.01.2017. 14:42
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kirgizdar jok emes ele osho atkan kishini kirgiz je ozbek dep jatishat. :(( jatkan jerleri jailuu bolsun eeen kimbat klub en bailardin student baldari oldu kobunchosu.:(
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.