super.kg logo
  Саясат  

Бийликтеги партиянын өкүлдөрү Жогорку Кеңеш тарабай турганын айтышууда

 

Бийликтеги партиянын өкүлдөрү Жогорку Кеңештин 6-чакырылышын мөөнөтүнөн мурда таратууга негиз жок экенин айтышууда. Парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти комитетинин жетекчиси Асел Кодуранова (КСДП) парламентти таратуу сунушуна макул эмес.

"Депутаттык мандатын тапшырып, ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу - депутаттын өз укугу. Бирок парламентти таратууга негиз деле жок. Жогорку Кеңештин азыркы чакырылышы өзүнүн конституциялык мөөнөтүнүн аягына чейин иштөөгө тийиш. Мындан ары кандай саясат жүрөт, аны көрө жатарбыз", - деди Кодуранова.

Белгилей кетсек, депутаттар арасында парламентти мөөнөтүнөн мурда таратуу үчүн кол топтоо жүрүп жатканы айтылууда. Президенттин парламенттеги өкүлү Молдакун Абдылдаевдин ырасташынча, ал үчүн 61 депутаттын добушу керек. Конституцияга ылайык, парламент тараса, президент 5 күндүн ичинде мөөнөтүнөн мурун шайлоо дайындап, 45 күнгө чейин жаңы парламенттик шайлоо өтүшү керек болот.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: