Асылбек Жээнбеков кыргызстандыктарды Салттуу музыка күнү менен куттуктады
Бүгүн, 25-апрелде ЖКнын жыйынында төрага Асылбек Жээнбеков Кыргызстандын калкын, анын ичинде парламент депутаттарын Салттуу музыка күнү менен куттуктады. “Салттуу ыр-күүлөр элибиздин көөнөргүс байлыгы болуп саналат. Биз үчүн жакшы саамалык, жаңы жөрөлгө болгон элдик музыка майрамы элибиздин руханий кенчин келечек муун үчүн сактап, аны кеңири жайылтууга өбөлгө түзөт”,- деди ал. Эске сала кетсек, кыргыз элинин байыртадан келе жаткан ыр-күүлөрүн сактоо жана кеңири жайылтуу максатында 2013-жылдын 18-апрелинде Жогорку Кеңеш тарабынан ар жылдын 25-апрелин Салттуу музыка күнү катары белгилөө жөнүндө токтом кабыл алынган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:27
2025-11-06
21:13
2025-11-05
19:43
2025-11-05
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















