super.kg logo
  Саясат  

ӨКМ 26-апрелде Бишкекте катуу үн чыгаруучу "С-40" жабдууларын текшерет

 

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 26-апрель күнү саат 11:00дө Бишкекте катуу үн чыгаруучу "С-40" жабдууларын текшерүүдөн өткөрөт. Бул учурда шаардын ар кайсы аймагында адаттан тыш сирена жаңырып, шаар тургундарына ыңгайсыздык жаралышы мүмкүн. Бирок мындан шаардыктар кооптонбой эле койсо боло турганын аталган министрлик эскертет. ӨКМнын Бишкек шаардык башкармалыгынын башчысы Урмат Шамырканов мындай дейт:

 

“Бишкек шаары боюнча 130 "С-40" сиренасы бар. Алардын 105и кол менен жана дистанциялык аракет менен иштетилсе, 35и оңдоп-түзөөгө муктаж абалда. Биз азыр элге өзгөчө кырдаалдар тууралуу маалымат жеткирүүнүн комплекстүү системинин үстүндө иш жүргүзүп жатабыз. Текшерүүнүн максаты - аталган сиреналардын техникалык абалын текшерүү болуп саналат. Акыркы жолу мындай сирена жаңыртып текшерүү союз учурунда болгон. Дүйнөлүк банк биздин министрликке аталган системди калыбына келтирүү үчүн 1,2 миллион доллар бөлүп берди”

 

Айта кетсек, "С-40" жабдыгы аймакта өзгөчө кырдаал жаралган учурда элди кырсыктан куткаруу максатында аба аркылуу катуу үн чыгаруу кызматын аткарат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: