4-январдан тарта өлкөдө чылымдын баасы 2 эсе кымбаттайт
Кыргыз жеринде 2017-жылдын 4-январынан тарта 1 куту чылым 40 сомдон ылдый сатылбайт. Өкмөт тийиштүү токтом чыгарганын 3-январда жарандардын ден соолугун тамекинин зыянынан коргоого багытталган мыйзамдын автору, Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев билдирди.
Депутат буга чейин чылымдын эң арзан баасын 40-50 сом кылууну сунуштап, мындай шарт өспүрүмдөрдүн тамеки сатып алуусун кыйындатып, бюджетке көбүрөөк киреше түшүүсүнө жол ачарын айткан эле. Бүгүнкү күндө чылымдын 1 кутусу орточо 20-25 сомдон сатылууда.
Токтомго ылайык, тамекиге акциздик салыктын наркы көтөрүлөт. Муну менен мамлекеттик казынага кошумча 200 миллион сом түшөрү айтылууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:41
2025-07-04

10:20
2025-07-04
10:18
2025-07-04

Рейтинг:
1

Жаш дарыгердин 1.0 ставкадагы оклады 5000 сом. Колго тийгени 4200. Анан кайдагы элдин ден-соолугу ?
деген мааниде колдонуп жүрүшөт.
Кымбаттатсын жакшы болот, аз да болсо чылым чеккендер азаят
1. кимдир-бирөөнү мазактоого жол берилбейт.
2.жеке айтышууларга жол берилбейт, ал үчүн купуя кат бар.