super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 4-ЯНВАРЬ: 374 жыл мурун бүткүл дүйнөлүк тартылуу күчү мыйзамын ачкан англиялык физик, математик, астроном Исаак Ньютон төрөлгөн

 

Мындан 374 жыл мурун, 1643-жылы 4-январда бүткүл дүйнөлүк тартылуу законун ачкан англиялык физик, математик жана астроном Исаак Ньютон төрөлгөн. Атасы ал төрөлө электе көз жумуп, келечектеги физикке Исаак деп атасынын ысымын коюшкан.

Ньютон 1661-жылы Кембриж шаарындагы даңазалуу университеттин Тринити-колледж окуу жайына өтөт. Андан соң ал 30 жыл бою дал ушул окуу жайда окуп жана эмгектенген.

Анын 1686-1687-жылдары жарык көргөн "Табигый философиянын математикалык башаттары" аттуу фундаменталдык эмгегинде дүйнөлүк тартылуу күчү мыйзамы жана классикалык механиканын калыптанышына өзөк болгон үч физикалык мыйзам баяндалган. Ньютон дифференциялык жана интегралдык эсептөө, түстүүлүк теориясы жана башка математикалык жана физикалык теорияларды иштеп чыккан. Анын эмгектери физика жана математика илимдеринде жаңы доорду ачып берген. Ал Галилео Галилей түзүп баштаган теориялык физика илимин калыптандыруу ишин жыйынтыктаган.

Жыл сайын И.Ньютондун туулган күнүндө илимий коомчулук Ньютон күнүн белгилешет. Атактуу физик 1727-жылдын 20-мартында көз жумган.

4-январга карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: