super.kg logo

Айтылуу "Титаник" кемеси айсбергге урунганы үчүн эмес, кеменин ичиндеги өрттөн улам кыйраган

 

Англиялык журналист "Титаниктин" айсбергден эмес, өрттөн улам кыйроого учураганын айтууда. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Шенан Молони 30 жыл бою кеменин кыйрашын изилдеп келет. Ал кеменин курулуш заводунан чыгарылып жатканда тартылган сүрөттөрүн карап, иликтөө жүргүзгөн. Жыйынтыгында оң тарабындагы кара такты көргөн. Дал ошол такка кийин айсберг урунган.

Журналисттин айтымында, кеменин күйүүчү май сакталуучу жайында өрт чыккан. Аны 12 адам өчүргөн. Натыйжада өрт чыккан жердеги темир мурунку калыбын жоготкон. Кийин борттогу офицерлерге атайын инструктаж өтүп, өрт жөнүндө ооз ачпоону буйруган. Ал эми эксперттер "Титаниктин" ичинде өрттүн болгонун тастыкташкан.

"Өрт, муз, шалаакылык - мунун баары дал келүү. Кара так калган жерди буга чейин эч ким изилдеген эмес. Бул толугу менен тарыхты өзгөртүшү мүмкүн", - деген оюн билдирген Молони.

Эске салсак, 1912-жылы чөгүп кеткен "Титаник" кемесинде 1500 адам болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(4)
04.01.2017. 12:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кинону коруп ыйлаган элек убагында Титаник сонун тартылган
04.01.2017. 12:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кичинемде кино деп тушунчумун чыныгы окуядан алган тура
04.01.2017. 16:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жеймс Камерунга тез айталы башынан тартып чыксын кинону
04.01.2017. 16:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Эрнис Абдыжапаров байкене айт ТАМАШОУнун балдары менен тартып чыксын ысыкколдон
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: