super.kg logo

Президентке терроризмге каршы күрөшүү иштери жөнүндө маалымат берилди

 

Президент Алмазбек Атамбаев 4-январда Коргоо кеңешинин катчысы Темир Жумакадыров менен терроризмге каршы күрөшүү маселесин талкуулады. Жумакадыров улуттук коопсуздукту бекемдөө, өлкөнүн коргонуу мүмкүнчүлүгүн күчөтүү үчүн жасалып жаткан иштерди президентке баяндап, мамлекеттик органдар тарабынан терроризм жана экстремизмге каршы кандай чаралар көрүлүп жатканын айтты.

Президенттик аппарат кабарлагандай, жолугушууда өлкө жетекчиси укук коргоо органдарын реформалоо ишинин жүрүшүнөн да кабар алды.

Белгилей кетсек, "Түркияда Жаңы жыл түнү болгон терактты Кыргыз Республикасынын жараны уюштурган болушу мүмкүн" деп Түркиялык ММКлар маалымат таратышкан. Шектелген жаран Жаңы жыл түнү Кыргыз мамлекетинде болгонун, аталган терактка эч кандай тиешеси жок экенин айтып берди. Мамлекеттик каттоо кызматы анын паспорту жасалма эмес экенин билдирип, Тышкы иштер министрлиги Түркиянын маалымат каражаттарынан тактоочу маалымат жарыялоону талап кылууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: