Санитардык-эпидемиологиялык департаменти: "Бишкекте сасык тумоого чалдыккандар азайып, абал турукташты"

Бишкекте сасык тумоонун жүрүшү азайып, абал турукташты. Бул тууралуу бүгүн, 4-январда
Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин директору Төлөбай Исаков билдирди.
"Бүгүнкү күндө сасык тумоого кабылгандар азайып жатат. Учурда күн сайын текшерүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Кээ бир күндөрү ооругандар болуп калууда. Башка күндөрү жокко эсе. Бүгүнкү күндө абал турукташты десек болот. Сасык тумоонун экинчи этабы башталып жатат дегенге болбойт, анткени жашоочулардын айрым учурларда тумоолоп калышы кадимки көрүнүш", - деп билдирди Исаков.
Маалыматка ылайык, өткөн айда өлкө аймагында массалык түрдө сасык тумоого чалдыккандар көбөйүп, бир канча мектеп жабылган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:16
2025-07-03

16:30
2025-07-03
15:40
2025-07-03
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.