super.kg logo

"Стамбулдагы куралдуу кол салууга катыштыгы бар" делген 5 адам кармалды

 
Кол салууга шектелип жаткан адам

Стамбулдагы түнкү клубга куралдуу кол салган адам 3 күндөн бери изделүүдө. Шектүүнүн сүрөтү жарыяланганы менен, азырынча анын кайсы өлкөнүн жараны экени айтыла элек. Учурда Стамбулдун Аксарай жана Зейтинбурну райондору катуу текшерүүгө алынууда. Ал жакта Орто Азияда жайгашкан өлкөлөрдөн келгендер басымдуулук кылат.

Акыркы маалыматтар боюнча, "куралдуу кол салууга катыштыгы бар" делген 5 адам Измирден кармалды. Алар "Ислам мамлекети" террордук тобунун мүчөлөрү болушкан.

Буга чейин айрым түрк басылмалары "шектүүнүн паспорту" деп Кыргыз Республикасынын жараны, 28 жаштагы Йахье Машраповго таандык жалпы жарандык паспорттун сүрөтүн жарыялашкан. Машрапов окуяга эч кандай тиешеси жок экенин, теракт болгон күнү Кыргыз жеринде болгонун айтып чыкты. Ал эми Түркиядагы элчилик Машраповдун укугунун бузулушу боюнча териштирүү иштерин башташканын маалымдашты.

Айта кетсек, 31-декабрдан 1-январга караган түнү Стамбулдагы "Рейна" түнкү клубуна куралдуу кол салуу болуп, 39 адам каза тапкан. Ал эми 70ке жакын адам ар кандай жаракат алган. Каза болгондордун арасында Орусиянын, Бельгиянын, Франциянын, Индиянын, Ирактын, Сауд Арабиянын жарандары да бар. Ал эми "Ислам мамлекети" террордук тобу "терактты биз уюштурдук" деп жарыялады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(5)
04.01.2017. 13:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
ХХХ десе! Кебетелери бир башкача коркунучтуу. Деги тынчтык эле болсунчу оо Жаратканым.
Модератор admin_portal түзөттү 2017-01-04 14:45:18
04.01.2017. 15:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул Машрапов кыргыз эмес.
04.01.2017. 15:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Яхъе укам турк басылмаларынын устунон арыз жазып 1млн $ компенсация ал
04.01.2017. 17:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Mirzohidjon,[moderated], чон балееден кутулганына шугур дегилечи.Куру доомат кылып койсо эмне кылат элен.Сразу акчаны ойлойсунар да силер
04.01.2017. 23:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Урматтуу акылмандар Бул курук доомат бир эле Яхъёго эмес бүтүндөй кыргыз элинин беделине доо кетип жатканын байкамаксан болбогулачы, Кыргызстандыктарды 2-сорт кылып ар балээни жабыштыра салуу адат болуп бара жатат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: