super.kg logo

Жардыргыч заттарды саткандарга 50 миң сом айып пул төлөтмөкчү болгон экотехинспекция бир да соодагерге айып салган жок

 

31-декабрдан 1-январга караган түнү көпчүлүктү толкундантып, күттүргөн Жаңы жыл майрамы белгиленди. Бир канча убакыт даярдыктарды көрүп, каалоо-тилектер менен 2017-жылды тосуп алдык.

Жыл тогошор мезгилде көпчүлүк эл балатыларды кооздоп жасап, Аяз ата, Аяз кыздын кийимин сатып алды. Аны менен катар дүйүм тамактарга толгон дасторкон даярдалды. Ошол эле учурда түнкүсүн асманды кооздукка бөлөп, аба булгаган жардыргыч заттар сатылып алынды.

Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекциянын пиротехникалык заттарды сатууга тыюу салганына карабай борбор калаанын базарларында жардыргыч заттар тынымсыз сатылды. Аталган кызмат пиротехникалык заттарды сатууга тыюу салса, Өрткө каршы мамлекеттик кызматы сатууга уруксат берип жатты.

Канткен менен бир нече жолу атайын рейддерди уюштуруп, бирок Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекциянын тыюу салууга токулган токтому иштебей калгансыды. Айрым уюштурулган рейддер өтпөй калды. Айтор, калаадагы базарлар эртең Жаңы жыл дегенден баштап жаандан кийинки козу карындай жардыргыч заттарга толуп чыкты. Ал тургай борбордук аянтта, Бишкек шаардык мэриясы уюштурган салтанатта бир канча жолу асманга салюттар атылды. Түнкү Бишкектен тартылып алынган видео миңдеген пиротехникалык заттар сатылып, миллиондогон сомдор асманга учуп, күйүп кеткенине далил болуп бере алат.

"Биз буга чейин жардыргыч заттарды сатууга тыюу салганбыз, бирок мыйзамсыз соода кылгандар болбой койгон жок. Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекция бир канча жолу түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Уруксат алгандарга колдонууда мөөнөтүн карап, жарактуулугун текшерип, этият болууга чакырдык. Ал эми мыйзамсыз соода кылган бир да соодагерге айып салынган жок. Майрамдык салтанатты уюштурган Бишкек шаардык мэриясы Өрткө каршы кызматтан уруксат алган", - деп билдирди аталган инспекциянын адиси Данияр Исмаилов.

Эске салсак, Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекция пиротехникалык заттарды сатууга тыюу салынарын, саткандарга 50 миң сом айып салынарын 6-декабрда билдирген.






Жыл алмашкан күндөн дагы бир видео. Түнкү Бишкек

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
04.01.2017. 18:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Быйыл жөн эле эскертүү катары болду. Келээрки жылы тыюу салынат баарына
04.01.2017. 19:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акча чечет баарын
05.01.2017. 04:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Колдон келбегенден кийин эмне кылат "громкие заявления" кылып... Пиротехникаларды биринчи болуп депутат-министрлердин уй-булолору, акчалуулар алып жатышса. Даже Атамбаев токтом кабыл алган кундо да бул токтом иштебейт.

Ички иштер министри сойкулар менен курошомун деди эле жыйынтык жок... Бул жерде озун таза мусулман корсоткон фанат-радикалдар ошол сойкуларга, сауна-мейманканаларга даватка чыгып сойкуларды адеп-ыйманга чакырып пайдалуу-соопчулук иш жасаса туура болмок...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: