Жайыл районунда бирге жашаган аялга бычак сайган жаран кармалды
Жайыл районунда бирге жашаган аялга бычак сайган жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 4-январда Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, окуя 31-декабрь күнү саат 19:20 чамасында Кара-Балта шаарында болгон. Анда 51 жаштагы М.Т. аттуу аял бирге жашаган 56 жаштагы Р.М. бирге спирт ичимдигин ичкен. Кийин экөөнүн ортосунда уруш чыгып, Р.М. жанындагы аялды бычак менен ичке сайып, качып кеткен. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү кармалып, тергөө абагына киргизилген. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.