super.kg logo

Эки көздөн айрылып, өз наристесинин өңүн көрүүгө зар болгон Жайлообек (фото)

 
Кайрымдуулукка келген буюмдар
Жардамга келген азык-түлүктөр

Көздүн нуру өчүп, жарык ааламды көрбөй калуу ат көтөргүс азап экенин жон териси менен сезип, күнү-түнү караңгылык жашоодо жашап жаткан Жайлообек Талип уулу жан кейиткен тагдырын ортого салып, SUPER.KG порталына айтып берди.

"Акыркы 4 айдан бери эки көзүм таптакыр көрбөй калды. Буга чейин бир көзүм менен көрүп жүрчүмүн. Ошентсе да иштеп, касапчылык менен үй-бүлөмдү багып жаткам. Соңку убактарда иштөөгө мүмкүнчүлүгүм болбой, жумушка да чыкпай калдым. Келинчегимдин кароосунда калдым. Күнү-түнү кичинекей балам менен эрмектешип ойнойм. Ал мага жөлөк-таяк болуп жатат. 1,5 жашта, сөзгө түшүнүп калды. Айткандарымды алып келип берет", - дейт Талип уулу Жайлообек.

Каарманыбыз Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районуна караштуу Арал айылынын тургуну. Ал азыр 26 жашта. Жайлообек 4 жашында башына банка түшүп кетип оң көзү көрбөй калган. Азыркы убакта сол көзү да жабыркап, эки көзү тең көрбөй калган. Ал эки баланын атасы. Анын үй-бүлөсүндө учурда иштеп каражат тапкан киши жок. Күнүмдүк турмуштук керектөөлөрдү сатып алууга акчалары жок, кыйын турмушта жашап жатат.

Каарманыбыздын турмушунан кабар алуу үчүн Аламүдүн районуна караштуу Төмөнкү Ала-Арча айылындагы жашап жаткан дарегине бардык. Жалгыз бөлмөдө келинчеги жана эки баласы менен жашап жаткан экен. Бөлмөсү ным тартып кетиптир. Шарты жок бир бөлмөдө Жайлообектин жубайы жаңы төрөлгөн 10 күндүк ымыркайынын төшөнчүсүн жаап, сууктан кымтылап отурганын көрө алдык.

"Көз жарганыма 10 күн болду. Операция жолу менен төрөтүштү. Балам күн сайын торолуп жатат. Өзүмдүн абалым турукташып келе жатат. Балам менен жолдошум бири-бирине жөлөк-таяк болуп үйдө отурушту. Кош бойлуу кезимде жашоо-тиричилигибизге каражат керек болуп ашканалардын биринде идиш жууп иштедим. Мындан улам төрөткө даяр болбой кыйналып калдым. Эми балам бир аз торолсо кайрадан иштеп, балдарымды, анан да көзү азиз жолдошумду карашым керек", - деди каарманыбыздын жубайы Бактыгүл Сыдыкова.

Бул үй-бүлө учурда материалдык жана моралдык жардамга муктаж. Бүгүнкү күндө Жайлообектин да, жубайы Бактыгүлдүн да паспорту жок. Нике кагаздарын да алыша элек. Ал тургай 1,5 жаштагы уулунун, жаңы төрөлгөн ымыркайынын да туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок.

Бурул Кайкыева - Жайлообектин таежеси. Ал борбор калаага небересин убактылуу кароого келген. Шаарга келип жээнинин оор тагдырын көрүп, өз небересин эмес, жээнинин баласын карап жатканын айтып берди.

"Жээнимдин үй-бүлөсү кыйын турмушта жашап жатканын көрүп таштап кете албадым. Анткени операция жолу менен төрөгөн келинге басууга болбойт. Ал эми жээним өз алдынча сыртка чыга албайт. Тамак-ашын даярдап, кир кийимдерин жууп берип жардамдашып жатам. Айрым учурларда жээнимди сыртка жетелеп алып чыгам. Буга чейин келиним жолдошун жетелеп мечиттерге алып барып жардам сурап жүрүптүр. Акыркы убактарда бейтааныш адамдар тамак-аштан жардамдарын берип жатышат", - деп билдирди Кайкыева.

Каарманыбыздын ата-энеси бир топ жыл мурда ажырашып кетишкен. Апасы 5 баласын жалгыз чоңойткон. Учурда каарманыбыздын инилеринин өз алдынча үй-бүлөлөрү болсо да, бири Орусияга, экинчиси Казакстанга иштеп агасынын көзүнө операция жасатууга каражат чогултуу максатында кетишкен. Дарыгерлер Орусияда 600 миң сомдон ашуун каражатка операция жасатууга болорун айтышкан. Мындай каражат бул үй-бүлөдө азырынча жок. Мындан улам Жайлообек менен Бактыгүл коомчулукка жардам сурап кайрылууда.






“Көзүм көрбөй калганга чейин жакшы тилектерим бар эле”

Автор: Айзат Болотбек кызы
Оператор: Сергек Шатманов
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(21)
05.01.2017. 19:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+28
Кудайым шыпаасын берсин.Келиниздер туугандар Ушул жигитке колубуздан келишинче жардам берели, көп тукурсө көл болот.
05.01.2017. 19:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+22
Тош белги такпай эле тиги депутаттар ушу жигитке жардам кылып коюшса ,акыретте жуздору жарык болмок.
Сооп иштери менен бейиштин босогосун атташмак,тош белгилери менен эмес!!!

Мусулман бир тууганым Аллах шыпаасын берип жакшы болуп кет.
Балдарындын бактысына аман бол.
05.01.2017. 19:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тенирим колдосун,кайрадан жарык жашоодо жашашына тилектешмин
05.01.2017. 19:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Аллах шыпаасын берсин
05.01.2017. 20:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
мен кече Жайлообек мн байланышкам Эгер Жардам берууну каалагандарга 0705168787 номерине байланышсаныздар болот
05.01.2017. 20:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Келинчегинен Алла ыраазы болсун уй булоода аял эркек бири бирине куйумдуу болушсса кандай жакшы
05.01.2017. 20:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Бул братты тааныйм да старыйда мал сойчу сакайып кет брат алла озу шыфаасын берсин
05.01.2017. 22:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллахым шыпаасын берсин.бактылуу болгула
05.01.2017. 22:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллахым дартты дерген сон шыпкасын да бере кор айгып кетсе экен эки баласынын бешенесине,келинчегине сабыр тилеймин анан манеждин устундогу жуктор баланын башына тушуп кетбесе экен деп кыжаалаттамын окуп калсаныздар жакшыраак жайгаштырып койсонуздар
06.01.2017. 00:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бобокторуно ичим ачышты... сакайып кетсин коп тукурсо кол болот жардам берели!
06.01.2017. 01:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
аллахым ооругандарга шыпаа бергин байларга ынсап бергин адамдарга ыйман берин
06.01.2017. 02:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Ден-соолугунун абалын билип туруп, жашоо шартты канчалык тузуп жашап келгенин билип туруп, учунчу балалуу болууну кантип план кылышты? Тан калыштуу,кудай берет же кайра эле элге жуктоп, мамалекетке дагы бир баланын тагдырын тапшырып коймой??? :(
06.01.2017. 16:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Urushina,уй булоомду багып жургом деп атат го, сага эмнеси тушунуксуз болуп атат.Козум корбогонуно 4 ай болду деп атат.Же эмне кээдейлер балалуу болгонго укугу жокпу.Ар бир баланын озунун орду бар.баланы берсе озунун ырыскысы менен берет
SUPER.KG видео
06.01.2017. 13:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ushul balaga da el chogulup jardam berip koisok jakshy bolot ele. Kechee super infodo jurgon operaciyasyna 600 min som kerek eken dep ee janylbasam??..
Медиа-портал
06.01.2017. 15:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Админ номерин бериңиз,балдардын кичине кийимдери бар каляска ходонокторун берейин.
Шаардын кайсы жеринде экен?
Медиа-портал
06.01.2017. 16:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
akzuura,
видеонун аягында корсотулуптур номер 0705 16 87 87
07.01.2017. 12:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
МОМУН МУСУЛМАН БИР ТУУГАНДАР!
Сиздерден өтүнүч аягына чейин окуп чыгыңыздар.

2-январь кечки саат 18:50 элдин баары Жаңы-Жыл тосуп, түнү менен шарактап, акчаларын асманга жардырып, бир күндө баарын ичип жеп тынчып калган убак. Эшикте жым жырт. Асманда ай чыгып жылдыздар жымыңдап турат.
Адаттагыдай өзүм барып жүргөн Төмөнкү Аларча мечитине куптан намазын окуу үчүн кирдим, жамаат бары чогулуп тоголок болуп отуруп машвара(кеңешүү) өтүп жатыптыр. Таксырлардын четинен орун ал
07.01.2017. 16:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Йа Алла жардам бере кор ушул уй-булого!
SUPER.KG видео
08.01.2017. 19:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудайым шыпаасын берсин, озу боору ачысын.
SUPER.KG видео
09.01.2017. 07:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Шалтакова Гулбу Чаловна 0772 28-91-38 ушул врачка кайрылсанызда,корбогон баланын козун дарылап кордурткон .Бишкек адреси.толук адресин чалып сурасаныздар болот.
Медиа-портал
09.01.2017. 20:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Көчмөндөр оюнуна кеткен акчанын эсебин угуп ушул баланын жашоосун көрүп жүрөк ыйлайт. Көзүнө операцияга мамлекеттен акча бөлсө да аздык эмес
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: