super.kg logo

"Берекет Гранд" соода борборунда иштеген 30дан ашуун ишкер жумушсуз калды

 

"Берекет Гранд" соода борборунда иштеген 30дан ашуун ишкер жумушсуз калды. Бул тууралуу бүгүн, 6-январда SUPER.KG порталына жеке ишкер Айнагүл Кабылова билдирди.

"Берекет Гранддын" администрациясы соода жайларынын акысын көтөрөт деген күнү 60тан ашуун адам нааразычылык билдирип чыккан, бирок ал күнү маселебиз чечилбей калган. Эртеси администрация жалган маалымат таратып, "орундуктардын баары сатылып кетти, силер да алганга аракет кылгыла" дешкенинен, арабыздагы акчасы бар соодагерлер соода жайларын сатып алышты. Ал эми калган 30дай адам соода жайынан кол жууп калды", - деп билдирди Кабылова.

Маалыматка ылайык, буга чейин ишкерлер администрациянын 1 чарчы метр жер үчүн 900 АКШ долларын төлөө талабына каршылык көрсөтүп, нааразычылык билдирип чыгышкан. Бул жайдын администрациясы мындан ары түзүлгөн келишимдерди жокко чыгарып, кайрадан келишим түзүү талабын койгон. Эске салсак, соода жайынын жетекчилиги нааразычылыкка чыккан элдин маселесин оң тарабына чечерин айтып, чогулган элди тараткан болчу.

"Мындан ары биз чогулуп өлкө башчыга, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысына кат аркылуу кайрылуу жасайбыз. Биздин ишибизди оң жагына чечип беришин суранабыз", - деп кошумчалады ишкер Кабылова.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(1)
06.01.2017. 10:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
До победного конца курошкуло!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: