super.kg logo

Нарын районунун Кара-Кужур айылында бир жылдан бери текшериле элек абоненттер көзөмөлгө алынат

 

Нарын районунун Миң-Булак айыл аймагына караштуу Кара-Кужур айылындагы Сарай өрөөнүндөгү жашоочулардын электр энергиясынын төлөмү боюнча маселеси көзөмөлгө алынат. Бул тууралуу бүгүн, 6-январда SUPER.KG порталына Кочкор районунун Электр тармактары ишканасынын башчысы Канат Кадыракунов билдирди.

"Нарын районуна караштуу Кара-Кужур айылындагы Сарай өрөөнүндө жашаган жашоочуларды Кочкор райондук электр кызматкерлери тейлешет. Аталган аймакта биздин 2 контролёр иштейт. Бир жылдан бери кызматкерлер текшербей жатат деген маселени карайбыз. Сарай өрөөнүндө 60ка жакын абонент текшерилбей калышы мүмкүн эмес", - деп билдирди Электр тармактары ишканасынын башчысы.

Маалыматка ылайык, Кара-Кужур айыл аймагында 900 абонент бар. Анын 40 пайызы мал чарбачылыгы менен алектенип, тоолордо мал багышат.

Ал эми Кочкор районунун акими Сарай аймагында жашаган калктын электр энергияга болгон төлөмдөрү 1 жылдан бери алынбай жатканынан кабары жок экендигин айтты.

Эске салсак, окурман "1 жылдан бери электр кызматкерлери текшерип келе элек. Эл акчаларын каякка төгөрүн билбей жатат. Бир күндө бир жылдык төлөмү менен айыпты чогуу төлөгүлө десе кантебиз?" деген суроо салган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
06.01.2017. 11:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ана концерт башталды эми
06.01.2017. 12:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Унчукпай, тынч журо бериш керек эле да. Озунордон коргуло
06.01.2017. 13:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен да озум убагында контролердон баштагам если бир жылдан бери текшербесе бул кызматкерлердин шалаакылыгы биз жок дегенде уч айда бир барып расчет кылганга аракет кылчы элек
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: