super.kg logo
  Саясат  

Дамира Ниязалиева: "1 жыл ичинде Кыргызстанда 5600 адам кургак учук илдетине кабылган"

 

"2012-жылы Кыргызстанда кургак учук илдетине кабылган 5600 адам каттоодон өткөн". Бул тууралуу бүгүн, 25-апрелде Жогорку Кеңеште өткөн “Кургак учукту бирге токтотобуз!” аттуу сүрөт көргөзмөгө катышкан депутат Дамира Ниязалиева билдирди. Айтымында, кургак учук менен социалдык жактан жакшы камсыз болбогон адамдар, абактагы жарандар жана селсаяктар көп ооруйт.

 

Кургак учук оорусу жаңы башталганда дарылаш керек. Эгерде өз убагында көңүл бурбаса, анда оору дарыга туруктуу түрүнө айланып, көптөгөн каражаттарды талап кылып калат. Мени кейиткени, дүйнө жүзүндө 1 жыл ичинде 10 миң адам кургак учуктун дарыга туруктуу түрүнө кабылса, Кыргызстанда жылына 900 адам кургак учуктун аталган түрүнө кабылат”,- дейт депутат.

 

Ошондой эле 1 кишини дарылоо үчүн жылына 7 миң доллар каражат керектигин айтты.

Бүгүнкү күндөн баштап бул көйгөйгө көңүл буруп баштабасак, тиешелүү каражаттарды бөлбөсөк, кийин кеч болуп калышы ыктымал”,- дейт эл өкүлү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: