Кыргыз жараны Акжол Калбаев Тажикстанда кыйноого кабылды (өспүрүмдөргө жана нерви жукаларга сунушталбайт)




Кыргыз жараны Акжол Калбаевди Тажикстанда кыйноого алгандар кармалышты. Бул тууралуу Тажикстандын Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, кыргыз жараны Калбаевди ишкердик боюнча өнөктөшү, “Таджирон” деген компаниянын ээси Набижон Набиев жана анын баласы Хаким Набиев алдоо жолу менен Кожент шаарына чакырган. Эч нерседен кабары жок Калбаев Кожентке барган учурда аны катуу токмоктошуп, кыйнап, жакындарынан 23 миң доллар талап кылышкан.
Бул маалымат белгилүү болгон соң тажик коопсуздук органдарынын көмөгү менен кыйноодогу кыргыз жараны 29-декабрда бошотулуп, 30-декабрда Тажикстандан чыгып кеткен. Аны катуу кыйнап коюшкандыктан сүйлөй албай калган. Учурда ал Оштогу ооруканада дарыланууда.
Ал эми Калбаевди сабап, ага кыйноо көрсөткөн ата-бала Набиевдер камакка алынышты. Кылмыш иши боюнча териштирүү жүрүп жатат.

Кыргыз жарандары кыргыздар ар жерде кыйналып,ур токмокко кабылып,зордук зомюулукка кабылып жатат
Нервим кайнап чыкты...(((
башкалардын улутун кемсинткен жана провокация жарата турган билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынган. Оозеки эскертүү!
Ар улутта жамандар бар эмеспи,
Бул жигитке Кудайым күч кубат берсин!
Ээхх Атамын мээримин сагындым бизге болгон внимания жок сайрандап журот той ашта