Германиядагы аралдын жээгин "Kinder Сюрприздер" каптады

Германиядагы Лангеог аралынын жээгин "Kinder Сюрприз" таттуусунун кутучалары каптады. Бул тууралуу "Апньюс" басылмасы жазып чыкты.
Аралдын кичинекей жашоочуларынын кубанычына катуу шамал деңизден аталган таттуунун кутучаларын жээкке алып чыккан. Кутучалардын ичинде орус тилинде нускамасы менен оюнчуктар да болгон. Маалыматка ылайык, кутучалар Бремерхафен портуна бара жаткан кеменин деңизге түшкөн контейнеринен калкып чыккан.
Маалымат каражаттарынын маалымдоосуна караганда, жергиликтүү бийлик жээктеги кутучаларды чогултууга бала бакчанын тарбиялануучуларын чакырган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:20
2025-07-05
13:41
2025-07-04

Рейтинг:
0

Менин кыздарым да ушул жерде болуп калса э азыр....