super.kg logo
  Саясат  

Өмүрбек Бакиров: "Кыргызстандан Сирияга согушка алынып кеткен балдардын психикасын бузушкан"

 

"Кыргызстандан Сирияга согушка алынып кетип жаткан балдарга Түркиядан атайын психикага терс таасирин тийгизе турган видеолорду көрсөтүшкөн". Бул маалыматты бүгүн, 25-апрелде депутат Өмүрбек Бакиров билдирди. Айтымында, белгилүү бир сайт аркылуу Сириядагы согушта 2-3 жашар балдарды өлтүрүп жатканын, адамдардын колу-буту, башы жок жатканын көргөзүп, “мусулмандарды ушундай кордоп жатышат, мусулмандарды колдойлу” деп айтып балдарды алып кетишкен.

 

“Кеткен балдардын айрымдарынын интернет баракчаларын ачып көрдүм, ал жакта жалаң гана “мусулмандарга жардам берели” деген чакырыктарга толгон видеолор бар экен. Диндеги адамдар бул сыяктуу согуштарга чакырбашы керек да, мындай ыплас иштерге мусулман дининдеги адамдар барбайт деп ойлойм. Бул балдарга психикалык жактан басым болгон”,- деди эл өкүлү.

 

Эске сала кетсек, 17-апрелде ЖКнын жыйынында депутаттар Баткен облусундагы балдарды Түркия аркылуу Сириядагы согушка алып кетип жатканын айтып чыгышкан. Бул маселени иликтөө үчүн депутат Өмүрбек Бакиров Түркияга уулу Сирияга кеткен 2 баланын энелери менен кошо барып келди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: