super.kg logo
  Саясат  

ЖЫЛНААМА, 6-ЯНВАРЬ: 98 жыл мурун АКШнын 26-президенти Теодор Рузвельт көз жумган

 

Мындан 98 жыл мурун, 1919-жылы 6-январда АКШнын 26-президенти Теодор Рузвельт 61 жашында көз жумган.

Ал 1858-жылы 27-октябрда АКШнын Нью-Йорк штатында жетиштүү үй-бүлөдө жарыкка келген. Жаштайынан ал астма дарты менен ооруп, сакайып кетүү үчүн дайым спорт менен машыгып турган. Муну менен кичинекей Рузвельт эркин бекемдеп, туруктуу максатка умтулууну үйрөнгөн. Кичинекейинде эле үй-бүлөсү менен Европага, Египетке саякаттап жүрүп ал жердин маданияты менен таанышкан. 1873-жылы Рузвельт бир нече ай Германияда жашап, немис тилин өздөштүрөт. 1876-жылы Гарвард университетине тапшырып, биринчи жубайы Элис Хатауэй менен таанышкан.

1895-жылы Нью-Йорк шаарына полициянын башчысы болуп дайындалат жана мамлекеттик кызматты ушул жерден баштайт. 1898-жылы Нью-Йорк штатына губернатор болуп шайланат. 1901-жылдын 4-мартында республикачылардын атынан өлкөнүн вице-президенттигине талапкерлигин коюп, вице-президент катары иштей баштайт.

1901-жылдын 5-сентябрында 25-президент Мак Кинлиге кол салуу уюштурулуп, жараатынан улам ал каза болот. Натыйжада 14-сентябрда Рузвельт 42 жашында эң жаш президент катары бийликке келет.

Рузвельт Ак үйгө афро-америкалыктардын өкүлүн биринчи болуп чакырган, Орусия менен Япониянын ортосундагы Портсмутск келишимин түзүүдөгү ролу үчүн "Нобель" сыйлыгын алган алгачкы президент болгон. Ошондой эле ал бийликте турганда Соода жана эмгек министрлигин түзүп, жаратылыш ресурстарын сактап калуу, айлана-чөйрөнү коргоо маселелерине өзгөчө көңүл бөлгөн.

Президенттик мөөнөтү аяктаган соң, 1909-жылы март айында Рузвельт көп саякат жасап, адабий чыгармаларды жазуу менен алектенген. Ал 40ка жакын китептин, 2 миңден ашуун макаланын автору. Рузвельт 1920-жылда өткөрүлө турган президенттик шайлоого катышууну көздөп, бирок ден соолугунун начарлашына байланыштуу анын бул ою ишке ашпай калган.

6-январга карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: