Алмазбек Атамбаев эмгек өргүүсүнө чыкты, ал 1 апта Кытайда эс алат
Президент Алмазбек Атамбаев кыска мөөнөттүү эмгек өргүүсүнө чыкты. 14-январга чейин созулган эмгек өргүүсүн мамлекет башчы Кытайда үй-бүлөсү менен бирге өткөрөт.
Эскерте кетсек, президент мындан 1 ай мурун эле эмгек өргүүсүнө чыккан. Тагыраагы, 2016-жылдын 5-декабрында эс алууга чыкканы президенттик администрация тарабынан кабарланып, бирок кайсы күнү ишке чыгары маалымдалган эмес эле. Коомчулук президентти 11-декабрда референдум жана жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо күнү көргөн. Ал эми 2017-жылдын 5-январында президент расмий сапары менен Кытайга барып, 6-январда Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушуу өткөрдү. Кытай лидери менен кыргыз-кытай мамилесин, алдыдагы пландарды талкуулады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:29
2025-11-11
Рейтинг:
3
3
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















