2016-жылы Жогорку Кеңешке сарпталган 725,5 миллион сомдун көбү айлык маяналарга жумшалды

2016-жылдын январь айынан тартып декабрь айына чейин Жогорку Кеңешти камсыздоо үчүн 725 миллион 535,19 миң сом бөлүнгөн. Бул тууралуу маалымат "Ачык бюджет" порталында жайгаштырылган.
Маалыматка ылайык, сарпталган акчанын 464 миллион 470,9 миң сому депутаттардын, алардын жардамчыларынын жана ЖКнын иш башкаруу бөлүмүнүн кызматкерлеринин айлык акысы. Мындан тышкары 2016-жылы болгон иш сапарларга жумшалган каражаттын көлөмү 18 миллион 513,81 миң сомду түздү. Ошондой эле байланыш кызматтары үчүн 9 миллион 199,66 миң сом сарпталганы маалым болду.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:05
2025-07-05

9:20
2025-07-05
Рейтинг:
-1

Башка адамдар нанга аран акча табат.