super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 9-ЯНВАРЬ: 21 жыл мурун Дагестанда 9 күнгө созулган террордук акт башталып, 78 киши курман болгон

 

Мындан 21 жыл мурун, 1996-жылы 9-январда Чечен Ичкерия Республикасынын Президенти Жохар Дудаевдин көрсөтмөсү менен 300-350 адамдан турган Салман Радуев баштаган согушкерлердин отряды Дагестандын Кизляр шаарына чабуул жасаган.

Кол салуунун баштапкы максаты Федералдык күчтөрдүн тик учак базасын жок кылуу болгон. Бирок федералдык күчтөр менен кагылышуунун жыйынтыгында согушкерлер оорукананы барымтага ала башташкан. Абалдан пайдаланып, Салман Радуев Орусиянын бийлигинен Чечен мамлекетинин жана Түндүк Кавказдын аймагынан аскерлерди алып чыгууну талап кылган.

Бул рейдде Радуевдин тобунан тышкары Айдамир Абалаев, Хункар-Паша Исрапилов, Турпал-Али Атгериев, Муса Чараев, Ломали Нунаев жана Хасан Долнуевдин отряддары дагы катышкан. Согушкерлер кол салуу учурунда жергиликтүү оорукананын төрөт бөлүмүн жана анын жанындагы 9 кабаттуу үйдү басып алышып, үйгө барымтага алынган аялдарды жана балдарды алып киришкен.

Террордук акт Дагестандын башка аймактарына кол салуу менен уланып, ошол жылдын 18-январына чейин созулган. Рейддин жыйынтыгында 78 аскер кызматкери: Ички иштер министрлигинин кызматкерлери жана Дагестандын жашоочулары курман болушкан. Ал эми барымтага алынгандарды куткаруу операциясы учурунда 153 согушкер жок кылынып, 30 террорчу туткунга алынып, 86сы бошотулган. Ал эми Салман Радуев 2000-жылы Новогрозненский аймагында кармалып, 2001-жылдын декабрь айында аны өмүр бою эркинен ажыратуу тууралуу сот өкүмү чыккан.

9-январга карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: