super.kg logo
  Саясат  

Нурсултан Назарбаев: "Кыргызстан менен Тажикстан өтө кедей жана колдоого муктаж"

 

“Эгемендүүлүк алгандан кийин Борбордук Азиядагы өлкөлөрдүн өнүгүү жолу ар кандай болду. Бирөөсү туңгуюкка кептелсе, башкасы ишенимдүү өнүгүүдө. Кыргызстан менен Тажикстан өтө кедей, башында эле, ал тургай Совет доорунда эле ушундай болчу. Бул өлкөлөр азыр колдоого жана экономиканы көтөрүүгө, жумушчу орундарын түзүүгө, өз жарандарынын жыргалчылыгын камсыз кылууга муктаж болууда”.

 

Мындай билдирүүнү Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев бүгүн, 25-апрелде Астанада өтүп жаткан Евразиялык медиафорумда айткандыгын жергиликтүү маалымат каражаттары жарыялашты. Ал белгилегендей, азыр Кыргызстан менен Тажикстандын экономикасын көтөрүү үчүн чоң колдоо зарыл. 

“Борбордук Азияга кирген  мамлекеттердин арасында ички маселелер болбошу керек. Аларды чечүүгө аракет кылуу зарыл. Өзгөчө чек ара, соода-сатык, коопсуздук маселелерине көбүрөөк көңүл буруу маанилүү”,- дейт Назарбаев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: