super.kg logo
  Саясат  

Аида Салянованы камакка алуу үчүн парламенттен макулдук суралбайбы?

 

"Ата Мекен" партиясы депутат Аида Саляновага козголгон кылмыш иши боюнча билдирүү жасады. Билдирүүдө Башкы прокуратура менен Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети кылмыш ишин тандалма мүнөздө козгоп, Саляновага өзгөчө оор айып тагылып жатканы, аны кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн парламенттен макулдук суралбай турган жагдай бар экени айтылат. Аида Салянованы камакка алууга мүмкүнчүлүк атайын көбөйтүлүп жатканы белгиленет маалыматта.

Партия мурунку эки президенттин тагдырын эскертип, Башкы прокуратура менен УКМКдан саясий буйруктарды аткарбоону жана мыйзамдардын чегинде гана иш жүргүзүүнү талап кылууда.

Эскерте кетсек, Аида Саляновага "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча кылмыш иши козголгонун 2016-жылдын 26-декабрында Башкы прокуратура маалымдаган. Салянова "юстиция министри болуп иштеп жатканда кылмыштарды жасаганы үчүн издөөдө жүргөн Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узарткан" деп айыпталууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: