super.kg logo

Депутат жаңы төрөлгөн ымыркайларга 50 миң сом жөлөк пул берүүнү демилгелеп, буга канча акча сарпталарын эсептеп чыкты

 

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Жумабеков ("Кыргызстан") жаңы төрөлгөн ымыркайларга бир жылдын ичинде 30 000ден 50 000ге чейинки өлчөмдө социалдык жөлөк пул берүү боюнча мыйзам долбоорун коомдук талкууга алып чыкты.

Депутаттын айтымында, 2013-жылы 155 520 бала төрөлгөн, анын ичинен 3096 бала 1 жашка чыкпай чарчап калган. "Бул өтө кейиштүү көрсөткүч, 1000 баланын ичинен 20 бала 1 жашка чыкпай чарчап калып жатат. Ошондой эле жаңы төрөлгөн баладан баш тарткан учурлар кездешүүдө. Бул ымыркайдын энелеринин аны багууга мүмкүнчүлүгүнүн жоктугунан, өзгөчө жалгыз бой эне тарабынан жасалууда. Жаңы төрөлгөн ымыркайды өлтүрүүгө жасалган жүрөк үшүн алган учурлар бар", - дейт Жумабеков.

Мындан тышкары ал Кыргыз Республикасынын айрым жарандары “Эне капиталын” алуу үчүн Орусияга барып төрөгөн учурлары бар экенин баса белгиледи. "Орусиянын аймагында төрөлгөн балдар ошол өлкөнүн жараны болуп калат. Эгерде биз азыр энелерди жана жаңы төрөлгөн балдарды колдоо жөнүндө ойлонбосок, Кыргыз мамлекетинин келечеги өтө кейиштүү болушу мүмкүн. Анткени мамлекет өзүнүн жаңы төрөлгөн жаранын камсыз кыла албагандыгы өтө кейиштүү көрүнүш", - деген пикирде депутат.

"Жаңы төрөлгөн ымыркайларга бир жылдын ичинде 30 000ден 50 000ге чейинки өлчөмдө социалдык жөлөк пул белгилөөнү зарыл деп эсептейм. Бул 1 жашка чейинки балага айына 2500-4166 сомду түзөт. Бул республикалык бюджеттен бир жылга 4,665 миллиард сомдон 7,776 миллиард сомго чейин талап кылат", - дейт депутат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Комментарийлер(12)
09.01.2017. 16:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
жакшы идея, бирок бюджетте анча сумма жок, бюджеттин дефицитин жылда жаба албай келебиз, жон эле популисттик создор, кичине реалдуураак караса болмок.
09.01.2017. 16:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Жон эле койбоптур да ушуну. Жолок пулду арандан алып жатканда. Болгону 600-800 сом. Мага куйоон россияда экен деп бербей койду. Жыргагандан россиялап жургонсуп.
09.01.2017. 16:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ойлошот окшойт ушинтип кооз суйлоп койсо калк депутаттар жонундо жакшы ойдо калат деп. Тан калам ушунча элди келесоо деп ойлошот окшойт, аман болсок коробуз го шаардын ичинде жол кире бекер болорун, жаңы төрөлгөн ымыркайларга 50 000 сомдон берерин, куйбогон жерди кул кылышат да
09.01.2017. 16:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Аны койуп, биринчч докторлордун аппетитин тыйып же алардын маянасын которуу керек, азыр ооруканага тушсон ачык еле тоношот, бербегенге айлан жок барыбир бересин.
09.01.2017. 18:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Абдан жакшы идея ишке ашса жакшы болмок чондор жегенче ушундай иштерди кылышбайбы.
09.01.2017. 19:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Атын чыкпаса ооз коптур болуптурго бул жагы.
09.01.2017. 19:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Менин синдимин торт баласы бар. кайната кайненен пенсия алат деп бербейт экен
09.01.2017. 20:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
бир нерсе айтайын дейсин админ баняга жонотот деп коркосун
09.01.2017. 22:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туугандар менин балам 8 айлыкда жолок пулду кантип алам кайерге кайрылам?Суйунчу пулду
10.01.2017. 01:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Озубузду Москвадагыдай сезип албадыкпы ха ха ((
10.01.2017. 13:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Балдарым 10го, 12 ге чыкты. Азыр го Россияда иштейбиз, жөлөк пулга муктаж эмеспиз. Балдарым төрөлгөндө менин мектептеги айлыгымдан башка кирешебиз жок болчу. Ошондо да алган эмесмин жөлөк пул. Документ тууралап чуркайсың, анан ошо жарыбаган акчасын берсе аласың, болбосо айлыгың ашып кетет экен деп бербей койсочу. ))
11.01.2017. 01:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жолок пулду да машинен бар малын бар деп бербейт экен уйундогу оокатты да эсептеп чыгат кулкуну келтирип ушул биздин окмотту туп орду менен орттоп ийсе да каршы эмесмин,5 баланы окоттун жардамы жок эле багып чонойтуп жатабыз кудай ар кимге озубузго ден соолук берсе зарыл эмеспиз окмотко...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: