Вагондо жашаган үй-бүлө тууралуу SUPER.KG'ге чыккан соң президенттик аппараттан кабар алышты
Өткөн жумада айыккыс оору менен алышып, вагондо ата-энеси менен күн кечирген Аскат Букарбаев тууралуу баяндаган элек. Мына ошол макаладан соң ишемби күнү, 7-январда президенттик аппараттан келишип, үй-бүлөдөн кабар алышканын SUPER.KG'ге Аскат Букарбаев өзү билдирди.
"Сиздердин сайтка мен тууралуу макала чыккандан кийин президенттик аппараттан келишип, белек-бечкектерин берип кетишти. Убактылуу жатаканага чыгып турууну суранышты, бирок канча убакытка чейин экенин айтышкан жок. Ал эми батир тууралуу суроомо 10-20 жылдап кезекке тургандар бар экенин айтып, кезекке турушум керектигин билдиришти. Президент менен жолугушуу тууралуу суранычым дагы деле жоопсуз калууда", - дейт А.Букарбаев.
Ошондой эле Аскат бүгүн бутун кокустатып алып ооруканага түшүп калганын, учурда ийне сайдырып, дарыгерлердин көзөмөлүндө экенин кошумчалады.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















Биринчи кезекте ушундай байкуштарга берсе болмок Жашоо шарттары ото еле оор боорун оругандан башка еч демке кылалбайсын Кайран Байкуштар