super.kg logo

30 жылга жакын оору менен арбашып, эки бутунан айрылган энени уулу жана жолдошу таштап кетишти (фото)

 

30 жылга жакын оору менен арбашып, өз канынан жаралган уулу карабай кеткен тагдыр кимди болбосун кайдыгер калтырбаса керек. Мындай узакка созулган азапка эрки күчтүү гана адам туруштук бербесе, айрымдары эчак эле кайгыга жеңдирип, мүңкүрөп калмак. Татаал тагдырды өз башынан өткөрүп, колу ачыктар болсо жардам колун сунар деген илгери үмүткө жетеленген эне армандуу жашоосун SUPER.KG порталына айтып берди.

"1988-жылы бутума суук тийип ооруп калдым. Дартка кабылгандан бери жакындарым менден жүз бурушту. Бир убакта бактылуу жашоодо жашап, ак нике менен үйлөнгөн өмүрлүк жолдошум чанып, өз канымдан жаралган уулум да карабай басып кетти. Жаңыдан ооруга чалдыккан учурда бирде таяк менен басып, кээде жакшы болуп калганда өз алдымча акырын басып жүрдүм. Эч кандай дары жардам бере алган жок. Кийинчерээк оору күч алып кетти", - деп көзүнө жаш алды каарманыбыз Рахат Абдырахманова.

Каарманыбыз Нарын облусуна караштуу Кочкор районунун Төлөк айылынын тургуну. Ал учурда Кант шаарында көп кабаттуу үйлөрдүн биринде эжесинин үйүндө күн кечирүүдө. Рахат Абдырахманова 51 жашта. Бир уул, бир кыздын энеси. Оорулуу эне бүгүнкү күндө кызы менен күйөө баласынын карамагында. Өзүнүн туруктуу жашаган жери жок. 29 жыл мурда төрөттөн кийин суукка кабылып, бутунан жабыркап, кийинчерээк колдорунун муундары ооруп, сөөктөрү кайрылып баштаган. Соңку 2 жылдан ашуун убакыттан бери төшөктөн турбай калган. Анткени узакка созулган оору чыдатпай, жыйынтыгында эки бутун жоон санынан кестирүүгө туура келген.

"2016-жылдын апрель айында эки бутумдун учтары карарып баштагандан улам кестирүүгө туура келди. Бул мага абдан оор болду. Жан дүйнөм эңшерилип, заманам куурулду. Көпкө чейин көнө албай ыйлап жүрдүм. Айла жок башка түшкөн тагдырга көнүүгө туура келди. Белди бекем бууп, күнү-түнү Кудайга жалбарып дуба кылам. Балама ыйман беришин суранам", - деп кошумчалады Абдырахманова.

Каарманыбыз күнү-түнү бир орундан жылбай отурат. Анын маңдайына атайын сыналгы коюп беришкен. Көпчүлүк убактысын сыналгы көрүү менен өткөрөт. Китеп окууга мүмкүнчүлүгү жок. Бир топ жылдан бери дары ичип, дарынын күчү кулагынын жакшы укпай калышына, көздөрүнүн көрүүсүнө терс таасирин тийгизген. Рахаттын 5 бир тууганы бар. Алар кезектешип үйүнө алып барып карашат.

"Сиңдимдин ооруп калышы баарыбызды кейитти. Ушул күнгө чейин дары менен жашап келе жатат, бирок дары башка органдарга терс таасирин берет экен. Тиштери түшүп калды. 2014-жылы таманына сөөк өсүп баштаган болчу. Ошол учурда дарыгерлер карабай бир топ азапка салышкан. Тааныштар аркылуу сүйлөшүп жатып ооруканага жаткырганбыз. Бүгүнкү күндө бутун кестиргенден бери оорунун күчү азайган. Ордунан жыла албагандыктан, жаткан жеринде заара ушатат. Ал үчүн тиешелүү шартын түзүп бергенбиз", - деп билдирди каарманыбыздын бир тууган эжеси Бурулсун Кубатбекова.

Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген Рахат мамлекеттен майыптыгы үчүн 5 миң сом алат. Алган каражатын дары, тамак-аш сатып алууга жумшайт. Буга чейин бир канча жолу өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнө кайрылып келген. 2016-жылы Жогорку Кеңештин депутаттарына турак жай маселесин чечип берүүсүн суранып кат жазган. Алар өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнө табыштаган, бирок өкүлчүлүк азырынча турак жай маселесин чечип бере албастыгын айткан.

Рахат Абдырахманованын карабай таштап кеткен уулу учурда 30 жашта. Аны апасы 1,5 жашка чейин багып чоңойткон. Жолдошу менен ажырашкандан кийин уулу кайненесинде калган. Каарманыбыздын айтымында, баласы чоңоюп калганга чейин кабарлашып турган. 2014-жылдан бери таптакыр келбей, карабай койгон. Уулу үйлөнүп, анын тоюна катыша алган эмес. Уулунун үнүн уккусу келген эне баласы менен телефон аркылуу да байланыша албай жүрөт.






Эки бутунан ажыраган энени жолдошу да, уулу да таштап кеткен

Автор: Насипа Тагаева
Оператор: Айбек Алимов
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(22)
09.01.2017. 17:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
кудай озу сактасын
09.01.2017. 17:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Эрине эми айла жок,кетем десе кетип калат. Баласы таштаваса болмок да апасын.
09.01.2017. 17:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Кайтар дүйнө, Кудай бар , убагы келгенде көрөрүн көрөт экөө тең .
09.01.2017. 18:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ошого айтатда уул балага караганда, кыз бала куйумдуу болот деп.
09.01.2017. 20:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Musabaeva., ата энеге куйумдуу балдар да бар. Бир акмактын айынан эркек балдардын баарын каралоого болбойт.....
09.01.2017. 18:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Эх окунучтуу, торттон кийин ден соолукту этиятташ керек эледа.Ден соолук башкага эмес озубузго эле керек.
09.01.2017. 18:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Эми баласы иштеп акча таап келейин десе керек да. Жакшы умут кылыш кереу
09.01.2017. 20:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ali-han,иштеп акча тапканы эмес кабар албай таштап кеткен
09.01.2017. 21:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Кулгонду сура сыры бар Ыйлаганды сура муну бар бекеринен айткан эмес кайтар дуйно кайтар дуйно
09.01.2017. 21:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Алтындай болгон эжеке аман болунуз жакшы болуп кетиниз Аллах дем куч берсин.
09.01.2017. 21:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жашоодо эмне куторун аллах билет бирок жолдошу омурунун акырына чейин караш керек эле ыйманы а эми баласына эч нерсе айткым келбейт анткени ал ...... ушундай
09.01.2017. 22:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бейиш эненин таманынын астында. Кудайым ден-соолук берсин. Уулу ушул кабарды окуп эсине келээр бекен.
09.01.2017. 22:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эжеге бактылуу карылык каалайм Алла колдосун
ал эми баласы кайненесинде оскон болсо 1,5 жаштан бери тарбиясы тушунугу башка болуп калды анын устуно таарынычы да болушу мумкун
кантсе да апасын карап койсо болмок (((((
10.01.2017. 01:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Козу кор болсун
SUPER.KG видео
10.01.2017. 04:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бирого кор апа бирого Зар апа.кана менин майып болсода апакебайым бешенемде болгондо башыма которуп бакмакмын.
10.01.2017. 09:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эженин оруусунун диагнозу полеартрит окшойт
10.01.2017. 10:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудайым колдоп сакайып айыгып кетиниз
10.01.2017. 13:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кудай бар коруп турат Ким кандай экени кызы куйо баласына рахмат
SUPER.KG видео
10.01.2017. 16:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эй тообаа,кудайым баласына акыл берсин,кеч болсо да туура эмес кылганын тушунуп апасын баксын.
Медиа-портал
10.01.2017. 20:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эже Аллах сизге ден-соолук берсин. Жаркын келечектен үмүт үзбөңүз!
Медиа-портал
12.01.2017. 19:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Окмотон "Уй берилсе" ! Ден соолук берсин!
SUPER.KG видео
12.01.2017. 20:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ооба да уулу эле бакса болмок бул эженин осору калды беле. За то неберелерин эрмектап ошолорго жолок болот эле келини чыдап карап койсо батасы тиймек. Ииий уул жок деп апам кайгыраат,уулду да ыйманы ынсабы мн берсин ар бир уйбулого.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: