Кыргызстандагы 2 жолду оңдоого Кытайдан насыяга алынуучу каражат тууралуу макулдашуу ратификацияланды
Бүгүн, 25-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргызстандын Каржы
министрлиги менен Кытайдын экспорт-импорт банкы ортосундагы жеңилдетилген кредиттик макулдашуу ратификацияланды.
Келишимге ылайык, Кытай банкы Ош-Баткен-Исфана
жана Кубакы-Балыкчы жолдорун оңдоо
үчүн
129 миллион 800 миң
доллар бөлүп берет. Анын 91,4
миллион доллары Ош-Баткен-Исфана жолунун айрым участокторун оңдоого, 38,4 миллион
доллары Кубакы-Балыкчы унаа жолун оңдоого жумшалат. Келишимдин шартына
ылайык, насыя 2 пайыз үстөк менен 20 жылга берилет. Алгачкы 9 жыл жеңилдетилген мезгил болуп саналат.
Автор: Ширин Жумадилова
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:13
2025-11-05
19:43
2025-11-05
17:12
2025-11-05
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео

















