ЖЫЛНААМА, 9-ЯНВАРЬ: Улуу Британиянын ханбийкеси Кейт Миддлтон 35 жашка толду




Ханзаада Уильям жана Кейттин үлпөт тою

Кейт уулу Жорж менен, 2015-жыл

Кызы Шарлотта менен, 2016-жыл
Улуу Британиянын ханбийкеси Кейт Миддлтон 35 жашка толду. Ал 1982-жылы 9-январда Англиянын Рединг шаарында төрөлгөн. Толук аты-жөнү – Кэтрин Элизабет Миддлтон. Кейт Миддлтон орто билимди Мальборо колледжинен алган соң, 2001-жылы Сент-Эндрюс университетине тапшырган.
Ханзаада Уильям менен 2002-жылы Шотландиянын Сент-Эндрюсс университетинде окуп жүргөндө таанышкан. Ошол күндөн тарта эки жаш алгач дос болуп жүрүшүп, көп өтпөй чогуу жашап башташкан. Кейт Миддлтон менен ханзаада Уильямдын "кылымдын тою" деп аталган үйлөнүү тою 2011-жылы 29-апрелде болуп өткөн. Түгөйлөр 2013-жылдын 22-июлунда Жорж Александр Луи аттуу уулдуу болушкан. Ал эми 2015-жылы 2-майда кыздуу болушуп, атын Шарлотта Елизавета Диана коюшкан.
9-январга карата жылнаама.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:20
2025-07-04
10:18
2025-07-04

19:16
2025-07-03

Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
Jaloshtalnarisbatchui

09.01.2017. 19:47
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бизге эмне.... кааласа 75ке чыксын...
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.