Түркиялык Хатико ага кам көргөн полиция кызматкери каза болгон жерде 4 күндөн бери кетпей отурат

5-январда Түркиянын Измир шаарындагы сот имаратынын жанындагы жардыруудан укук коргоо органынын кызматкери Фетхи Секин каза болгон. Ал каза болгон жерден Зейтин аттуу ит бүгүнкү күнгө чейин кетпей отурганы көпчүлүктү таң калтырып, түркиялык Хатико аталды. Бул тууралуу "Лайф" басылмасы жазып чыкты.
Иттин окуя болгон жерден кетпей жатканын басылмага жергиликтүү тургундар билдиришкен. Маалыматка ылайык, иттин ээси болгон эмес. Бирок аны каза болгон полиция кызматкери өз камкордугуна алган. Фетхи Секин сот имаратын 10 жыл бою кайтарып иштеп, итке ар дайым тамак берип турган.
Басылма белгилегендей, теракт болгон учурда Зейтин жардыруудан алыс эмес аралыкта жүргөнү камераларга түшкөн, бирок ал жаракат алган эмес.
Түркиялык Хатико аталган ит
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

8:35
2025-06-26

Рейтинг:
2

Итке тамак-аш берсен жанындан эч качан кетпейт, адамга оз омурунду тартуу кылсан баркына жетпейт.
Ит адамдын досу.
http://www.super.kg/media/uservideo/181867/