Бишкектеги Жибек-Жолу жана Эркиндик бульварынын кесилишинен суукка тоңуп калган аялдын жансыз денеси табылды



Бишкектеги Жибек-Жолу жана Эркиндик бульварынын кесилишинен суукка тоңуп калган аялдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына окуянын күбөлөрү билдиришти.
Маалыматка караганда, жергиликтүү жашоочулар бүгүн, 10-январь күнү эртең менен соода борборунун жанында бир нече убакыттан бери белгисиз аялдын кыймылсыз жатканын айтышып, "Тез жардам" кызматын чакырышкан.
"Тез жардам" кызматкерлеринин айтымында, тоңуп калган аял үй-жайсыз. Анын жашы болжол менен 35-40 чамасында. Ошондой эле дарыгерлер ал жерге милиция кызматкерлери чакыртылганын билдиришти.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:23
2025-07-14

Рейтинг:
1

-30 дем алганда мурдуң тоңуп калат экен. Колду чөнтөктөн чыгарганда эле заматта тоңот экен.