"Ош базарында" ветеринардык адистин уруксат кагазы жок уй этин алып келген ишкерге 24 миң сом айып салынды

"Ош базарында" ветеринардык адистин уруксат кагазы жок уй этин алып келген ишкерге айып салынды. Бул тууралуу бүгүн, 10-январда Ветеринардык жана фитосанитардык инспекциянын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Базарда калкты эт менен камсыздаган ишкерлерге атайын рейд жүргүзүлдү. Жыйынтыгында 9 ишкерге 24 миң сом айып салынды. Алардын жанында Ветеринардык жана фитосанитардык инспекцияга тиешелүү документтер болгон эмес", - деп билдирди басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, ишкерлерге рейдди Бишкек шаардык Ветеринардык жана фитосанитардык инспекциясы жүргүзгөн.
Эске салсак, буга чейин жарандык активисттер "Ош базарында" өлгөн малдын эти сатылып жатканын айтып, базардын жабылышын талап кылып чыгышкан.
фитосанитардык инспекция
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:05
2025-07-05

9:20
2025-07-05
Рейтинг:
1

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.