super.kg logo
  Саясат  

ЖЫЛНААМА, 10-ЯНВАРЬ: 71 жыл мурун БУУнун Башкы ассамблеясынын биринчи сессиясы башталган

 
Алгачкы сессия өткөн жер

Мындан 71 жыл мурун, 1946-жылы 10-январда Улуу Британиянын Лондон шаарында БУУнун Башкы ассамблеясынын алгачкы сессиясы өз ишин баштаган.

Башкы ассамблея 1945-жылы БУУнун жобосунун негизинде түзүлүп, аталган уюмдун башкы органы болуп эсептелет. Ал эл аралык укукту кодификациялоодо жана аныктоодо башкы ролду аткарат.

Ассамблеянын биринчи сессиясына 51 мамлекеттин өкүлү катышкан. Учурда анын курамына БУУнун мүчөсү болгон 193 мамлекет кирет. Ассамблеянын катардагы сессиялары жыл сайын сентябрдан декабрга чейин иш алып барат. Ошондой эле терроризм менен күрөшүү, эл аралык тынчтык жана коопсуздукту сактоо маселелери боюнча атайын жана чукул сессиялар уюштурулуп турат. Башкы ассамблея бир катар эл аралык майрамдарды бекитүү демилгесин көтөрүп чыккан. Алардын бири - жыл сайын 24-октябрда белгиленүүчү Бириккен Улуттар Уюмунун күнү.

10-январга карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: