super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

"Спорт Ордосунда сауна бар экени чын, бирок ал спортчулар үчүн" дейт башкы директор

 

Кечээ, 9-январда Спорт Ордосундагы сауна тууралуу видео тараган. Анда видеону тарткандар "Кыздар барбы?" деген суроосуна "жок" деген жооп алышкан. Ошондой эле аларга саунаны көрсөткөн кызматкер алкоголдук ичимдиктерден сыра сатыларын айткан.

Ал эми Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин алдындагы Спорттук курулмалар жана спорттук камсыздоо башкармалыгынын директору Эдил Касенов имаратта сауна бар экенин тастыктап, учурда ижарага берилгенин SUPER.KG порталына бүгүн, 10-январда билдирди.

"Сауна Спорт Ордосунун имаратында илгертен эле бар болгон. Ал спортчулар үчүн салынган. Учурда саунаны ижарачылар айына 29 миң сом төлөп иштетишет. Ал жакка жөнөкөй тургун кирбейт. Анын эшиги спортчулар жана футболдук аянтчанын кардарлары үчүн гана ачык. Мындан сырткары намазкана да бар. Спортчуларга шарт түзбөсөк, алар келбей калышат", - деди Касенов.

Эдил Касенов бул кызматты 2 жылдан бери аркалап келерин жана мамлекет тарабынан эч кандай каражат бөлүнбөгөнүн кошумчалады.

"2 жылдан бери иштейм, 13 миллион сом кайтарымсыз инвестиция тартып, чоң залды оңдоттук. Эми ошол эле саунаны, бассейнди оңдотуу планыбыз бар", - дейт директор.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: