super.kg logo
  Саясат  

Бекболот Миңбаев: "Ноокен районуна караштуу Пайыз-Булак айылынын жашоочулары Таш-Көмүр шаарына кошулууну каалап жатышат"

 

“Жалал-Абад облусундагы Ноокен районунун тургундары административдик жактан Таш-Көмүр шаарына кошулуу сунушун айтышууда”,- деп билдирди аталган шаардын мэри Бекболот Миңбаев. Мэрдин айтымында, 2013-жылдын февраль айында Ноокен районуна караштуу Пайыз-Булак айылынын 100дөй тургуну мындай сунуш менен мэрияга кайрылышкан.

 

“Аталган айылдын эли бир эле аныктама алуу үчүн райондун борборуна 70 чакырым жол басып барып келишет. Алардын балдары биздин шаардагы мектептерде окушат. Эгерде Бишкек-Ош жолунда жол кырсыгы болсо, жакын деп биздин шаардын "Тез жардам" кызматы жөнөйт. Айылдын жолдорун да биздин кызматкерлер тазалашат. Ошондуктан аталган айылдын тургундары бул нерсени түшүнүп, арыз менен кайрылууда. Аларга азыр акимиат эмес Таш-Көмүр шаардык мэриясы кам көрүп келет”,- дейт Миңбаев. 

 

Ал эми 24-апрелде Ноокен районунун акими Абдырахман Осмонов жашоочулардын мэрияга болгон кайрылуусун "жүйөөлүү эмес" деп эсептейт.

“Таш-Көмүр шаарынын мэрин аталган айыл жайгашкан аймак кызыктырып жатышы мүмкүн. Себеби, алар Бишкек-Ош жолунун боюнда жайгашып, соода-сатык иштерине абдан ыңгайлуу”,- деди ал. Белгилүү болгондой, бул айылга байланышкан талаш-тартыш 12 жылдан бери чечилбей келе жатат. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: