super.kg logo

Караколдуктар батирлерди сааттык жана суткалык мейманкана катары берүүгө тыюу салган мыйзамга каршы чыгышты

 

Батирлерди сааттык жана суткалык мейманкана катары берүүгө тыюу салган мыйзамга каршы чыккан Каракол шаарынын тургундарын облус башчынын орун басары Дамир Моңолдоров кечээ, 9-январда кабыл алган. Бул тууралуу өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда тургундар Ысык-Көл облусунун өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунушташканы белгилүү болду.

Д.Моңолдоров өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты аткаруучу гана орган экенин, мыйзамдар Кыргыз Республикасынын парламенти менен кабыл алынарын айткан. Ошол эле маалда тургундардын сунушу эске алынып, парламентке жеткирилерин кошумчалаган.

"Каракол шаарынын тургундары президентке, Жогорку Кеңешке жана өкмөткө кат жазып калтырышты", - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, 2016-жылдын 16-ноябрында Жогорку Кеңеш батирлерди сааттык жана суткалык мейманкана катары берүүгө тыюу салган мыйзамды кабыл алган.

Мыйзамды бузган жарандарга 7 миң, кызмат адамдарына 9 миң, юридикалык жактарга 70 миң сомго чейинки өлчөмдө айып салынат. Ошондой эле мыйзамда ички иштер органдары көрсөтүлгөн администрациялык укук бузуулар боюнча иштерди карап, администрациялык айыптарды төлөтүүсү каралган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
10.01.2017. 12:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жакшы мызам, колдойт элем)
10.01.2017. 12:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
shergazy9,Себеби эмнеге?
10.01.2017. 13:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биз ушкл мыйзамды чыдамсыздык мененн кутконбуз
10.01.2017. 13:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул мыйзамды карапайым эл колдойт. Чыныгы мусулмандар колдойт, анткени зынакорлук - куноо, ал эми по часовой жана суточный квартиралар эмне максатта берилгенин баары жакшы билет. Нааразы болгондор элдин атынан суйлогон ошол мейманкана, квартира кармаган кожоюндар арамдан акча жасаган. Арам дегеним сойкулук максатта берилген квартиралар акысы кантип адал болсун?!!

Бул мыйзам олко боюнча кабыл алынып ишке ашса сойкулук бир топ азаймак... Эл колдойт бул мыйзамды!!!
10.01.2017. 14:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Суточный квартира берилбесе, көлгө барганда талаага жатабызбы.
10.01.2017. 15:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аймактын абалына талабына карап уруксат беришсе макул Анан Бишкек Ош Жалалабатда мындай коп кабаттуу уйлорго мейманкана кылып саат суткасына берилген батирлер башка уй булоолуу жашоочуларга ынгайсыз адепсиз.Уйбулоодо ажырашуу бузукулук адаттарды жойгон болот эленер Акчасын толоп койгонбуз дешип каалаганча кыйкырык ызы чууларды кошунушулары арыз жазып кол топтоп жаптыра албай келишкен .Анан аймактык тескоочулорго катуу дайындасаныздар.Мыйзам чыгары менен киришсин.
11.01.2017. 00:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бишкектегилерин жапсынчы биринчи..
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: