"Дордойдун" футболчулары "Абдыш-Ата" менен 2 беттеш өткөрүп, биринде ири эсепте жеңишке жетишти
7-январда Бишкекте "Дордой" жана канттык "Абдыш-Ата" футболдук клубдары 2 жолдоштук беттеш өткөрүштү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына "Дордойдун" басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, беттештердин бири тең чыгуу менен аяктаса (1:1), экинчиси бишкектик клубдун жеңиши менен аяктады (4:0). "Дордойчулардын" машыктыруучусу Руслан Сыдыков бардык оюнчуларга мүмкүнчүлүк берүү үчүн команданы 2 топко бөлгөн.
Кошумчалай кетсек, учурда өлкө чемпиондугу - ТОП-Лига тыныгууда. Мелдештин жаз айларында старт алары күтүлүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:20
2025-10-31
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















